← Асылбача-Бекбача 2/5

Кыл муруту керилип, Эки колу жамбашта, Сонун жаткан суналып, Болбосо Калдык колдорун, Кесип кеткен чолойтуп.. Ээрдин кескен чунайтып, Башын кескен болучу, Мойунун койуп кудуйтуп, Бүтүн кескен болуучу, Жиликтерин соройтуп. Ичин жарып, өт алган, Жүрөгүн тартып, жеп алган, Карышкырдай кажалап, Мына минтип өч алган. Андан башка денеси, Калдык кесип алса да, Бүпбүтүн бойдон катыптыр, Балта менен чапкан мээ, Чачылган бойдон жатыптыр: «Капташкан экен калмак, — деп, Тирүүлөй болгон арбак, — деп, Калдыктан каның албасам, Канын менде Жагалмай, Калдыкты издеп таппасам, Арың менде Жагалмай. Кардыгач менен чакмакташ, Акыр заман болгондо, Сен үчөөңдүн убалы, Менде болсун, Жагалмай!» Найзасы колдо солкулдап, Бекбача турду өңгүрөп, Шашып ыйлап солкулдап. Чакмакташ менен Жагалмай – Аларды тапкан кезекте, Жан кейитип ыйлабай, Кайрат берен калкына. Калың кыргыз жалпыга,. Адамсыз жерде Бекбача, Өксүп-өксүп эчкирип,: «Өлбөй тирүү болгондо, Айкөл Манас, зор Кошой, Алмамбет, Чубак – шерлерге, Баатыр Сыргак баштаган. Кырк чоро аттуу эрлерге, Айак жагы силерге, Ай ааламды чакырып, Арнап атты чаптырып, Аш бербесем, Бекбача, Адам болбой өлөйүн!» Убада берип арбакка, Талды деген бир жер бар, Ара күндүк бер жакта, Өңөрүп келип Бекбача, Дөбөнүн койду башына, Айбалта менен таш чокуп, Атын жазды ташына. Ташы талкан болбосо, Турган чыгар азыр да, Кайра айтып коштошуп, Кылчайып карап артына, Калың кыргыз калкыңдын, Каркытың кылып жаш кеттиң. Айтпасам да билесиң, Эмгегин тартса эр жигит, Эл унутпай эстерин, Элден мурун үчөөңдү, Мен көбүрөөк эстеймин. Эштектен чыккан Чакмакташ, Эмчектеши Кардыгач, Нойгуттан чыктың Жагалмай. Бекбача жаны тынабы, Силер үчүн өч албай?! Чакмакташ кетти Котенге, Кардыгач калды какырда, Шейит булак дегенде, Өзүң калдың, Жагалмай, Талдыда жалгыз дөбөдө, Жаш боорлорум калгыла, Бекбача кылсын демилге, Хан Калдыкка жөнөргө! Кетип барат Бекбача, Каркыраган какырда, Кээде топо аралаш. Буртулдаган куу кумда, Кээде барат Бекбача, Жайкалып жаткан чөп менен, Жалтылдаган көк менен, Байчечекей гүл менен, Чөп чириген күр менен. Кээде барат Бекбача, Жапан токой чер менен, Чалкып жаткан көл менен, Чайкалып аккан суу менен, Жайкалып жаткан төр менен, Жайдарым соккон жел менен, Ар тарабын караса, Калкылдаган карагай, Чалкайган артуу бел менен. Коктукатка жакындап, Наркутка барды Бекбача. Үн чакырым жерлерге, Кайгуулчу койгон чабуулга, Кароолчу кабар алганы, Калдыкка айтып барганы, Капкачандан бер жакка, Камданып жаткан эмеспи, Элден алган өнөрүн, Бирден ичке салганы, Бирди өнөрү Калдыктын. Керге келбей калганы. Асман тиреп өрттөнгөн, Алоолонгон жалыны Күйгүзүп кете албады. Борошолоп жааган кар, Үшүтүп кете албады, Кара жерди каңтарган, Астын-үстүн аңтарган. Бургуйлаган бороону, Учуруп кете албады, Атырылган өркөчтөп, Асманга жаба берчүдөй, Жыты сасык түрү суук, Толкуп аккан суулары, Агызып кете албады, Саксаңдаган айуусу, Чакчаңдаган шерлери, Күркүрөгөн жолборсу, Качырып чыккан каманы, Кайсап кете албады, Шалкылдаган бурасы, Ажылдаган иттери, Оозу кандуу карышкыр, Тиштеп тарта албады. Томпоңдогон пилдери, Найзадай булгап тумшугун,

Тепсеп кете албады, Жандуу жансыз башкадан. Андай сыйкыр канчадан, Амал кылып Калдык хан, Зыйансыз болуп аракет, Кыжалат болду абыдан, Чамасы чарчап аз болуп, Көчүгүн жерге лак койуп, Олтура кетти Калдык хан, Алаканын шак койуп. Көзү көрбөй күүгүмдөп, Бурулуп тили чулдурап, Айткандары билинбей. Алкымында кулдурап. Ачып көзүн каранып, Алдынкы ээрдин жаланып, Так айласы кеткенде, Аскерин салып артынан, Шаардан чыкты чубашып. Ээрчиткени он миң кол, Ат көтөргүс эчен зор, Мунардай болгон бойу бар, Чынардай болгон колу бар, Мындайлары дагы бар, Көөдөнүн керип дагдайган, Жаба айуудай саксайган, Чыккан жүнүн албаган, Жылтыраган көзү бар, Кыскасы карыш төрт эли, Өзүнө чылбыр болгондой, Андай эчен адам бар, Оозу үңкүрдөй карарган, Мурду ыштыктай танайган, Көккө тойгон жазында, Уй букадай чанайган, Мындайлары дагы бар, Ак күмбөздөй башы бар, Өңөргөн иттей кашы бар, Атка минбей керик минип, Буурсундай жиреп буттары, Арык кылып жер бетин, Антип жүргөн дагы бар. Алда канча түр менен, Адам тургус сүр менен, Келип калды Калдык хан, Сынамакка чоңдорун, Ат көтөрбөй керик минген, Алпмын деген зорлорун, Калдык бөлүп алыптыр, Айтар кебин салыптыр: — Жалгыз башы туу сайган, Тетиги турган тору атчан, Бекбача деген кан ичме, Бирден барып көргөнү, Бирге болбой баратса, Экиден барып көргүлө, Андан болбой баратса, Ат салалы жалпыбыз, Тегеректеп баралы, Болук салып мойнуна, Биз тузакка алалы. Куткарып ийсек болобу, Жалгыз жүргөн адамды? Эми мындан кетирсек, Муунуп өлүп калалы! Хан Калдыктан кеп угуп: — Айтканың чын, кебиң ак, Кантип бизден кутулат, Бекбача деген кысталак? Жалгыз жалгыз ар качан, Биз он миңбиз карасаң. «Канча жоон болсо да, Жалгыз жыгач үй болбойт, Канча мыкты болсо да, Жалгыз киши бий болбойт», Карылардан кеп калган, Ар канча балбан болсо да, Жалгыз турат Бекбачаң, Кеңешип бүтүп беш урук, Кармайбыз деп баатырды, Беш урук калбай чуу турду, Калдык айтат ошондо: — Андан кийин оолуккун, Мурун менден кеп угуп, Найза тийип эт жарып, Жарадар болсо кан агып, Ого бетер Бекбача, Ачууланат каарданып. Кокусунан бут сынса, Кете берет байланып, Олпогунан ок өтпөйт, Отко салса чок өтпөйт. Туулга кийет башына, Калканы жок далыда, Жарактын өтпөйт кандайы, Алдында минген атына. Минип жүргөн Тору аттын, Кара бойун каптаган, Кандагай менен чаптаган, Тулку бойун күймөлөп, Туйагынан башкасын, Баарын күмүш түймөлөп, Теке жаргак сары шым, Бутундагы кийгени, Нечен сапар качырып, Найза менен муштадым, Кылайып найза кирбеди, Чапсам кылыч кеспеди, Бараңдын огу батпады, Жебенин огу житпеди, Чандан кылдым аракет, Бири да керге келбеди, Манастан бери карата, Укканыңдын баары чын, Кыргыз кийген кийимге, Айтып жүргөн кептери,. Карап турган Бекбача, Кара бойу катуу күч, Кармашканын кылат түз, Тулку бойу туура күч, Туманын баары күч, Тутушканын кылат түз. Кимиң барсаң аның бар, Бет келгенге өлүм бар Балбаның бар, башкаң бар. Ажалдан коркуп коржоңдоп. Кайра тартып качпай бар. Калдыктан булар кеп угуп, Мени жеңчү кимдир деп, Өздөрүнчө оолугуп, Буркан шаркан кээ бирөө, Ачууланып соолугуп, Жүрүп кетти бир калмак, Атын кержин чуу койуп, Бекбача турат калдайып,

Кержин жетти ат салып, Келди калмак Кержин деп, Кетпейт баатыр апкаарып, Калдык хандын кебине, Келген Кержин арданып, Найзасын күүлөп көтөрүп, Көмүр кара калмактын, Эки бети көгөрүп, Өжөрлөнүп алыптыр, Же өлтүрөм, же өлөм, Экинин бири болот деп, Качырып урду найзасын. Баатыр тууган кара көк, Андай урган найзанын, Кагып көнгөн канчасын, Балта менен Бекбача, Балтаны өйдө какканы, Балта тийген куу найза. Көктү карай атканы, Демжий түшүп Кержинди, Дал төбөгө чапканы. Чак деген үнү угулду, Айрандай мээси куйулду, Томолонуп кеткени, Каны тартып, жан ачып, Жана бирөө жеткени, Найзасын кагып жиберип, Чокуга койуп өткөнү, Кержиндин жанын узатпай, Белсенип манжу кез келди. Бул дүйнөдөн Бекбача, Кетип калдың деп келди, Найзасын кагып жиберип, Карап көрсө Бекбача, Каары катуу, заары күч, Кайраты бар кептенди. Колуна жарак алгыча, Үзөңгүгө тамандап, Кобо калып Бекбача, Төбөгө тартып жиберди. Талкаланып калканы, Дайынсыз болуп туулгасы, Башы кайда? дени бар, Бул дүйнөгө туралбай, Буйдалбастан кеткени, Өчөшүп улам жаңылап, Калкандары калдаңдап, Этектери далбаңдап, Келе берди дардаңдап. Ичтери көөп дум болуп, Мурундары барбаңдап, Бир балтадан чыга албай, Каары катуу көк жалдан, Өлө берди мээ жайнап. Эртеден кечке жетпеди, Күн бешимге барганча, Дөөгүрсүгөн дөөлөрдүн, Он сегизи кеткени. Каңгайдан өлдү он сегиз, Баары балбан эр тегиз. Сынчы маңгыт, хан Калдык, Бекбачаны карады, Турнабайын түз салып, Турганына жолборстун Карап Калдык таңданып. Бекбачаны караса, Көл болуптур мелтиреп, Каз каркылдап кечкисиз. Бел болуптур Бекбача, Абалаган таз кара, Ашып учуп кеткисиз, Томуруп адам жыга албас, Тоо болуптур Бекбача, Кайберен басып өткүсүз. Жым-жым этип зымырап, Зоо болуптур Бекбача, Кара кулка кабылан, Шер болуптур Бекбача, Чалкайган жайлоо төрүндөй, Кең болуптур Бекбача, Кекенишкен ким болсо, Кем болуптур Бекбача, Аркадан шамал айдаган, Кебездей булут тараган, Жел болуптур Бекбача. Башы туйук жери кең, Аккан агын суусу бар, Таштан ташка урунуп, Күпүлдөгөн доошу бар, Айагы кууш аскалуу, Коо болуптур Бекбача. Жети суудан жем жеген, Желбегей Сыргак бүркүттөй, Желигип турат Бекбача, Алп кара куш кептенип, Теминип турат Бекбача. Тегеректеп кырк киши, Коргон болуп калыптыр. Ортосунда Бекбача, Сарала атчан, сары сакал, Кара бойун чаптаган, Карк алтынга каптаган: Оң жагында бирөө бар, Темир көк жалдуу ат минген, Көпкөк темир кийинген, Өңгө жандан бойу узун, Көргөн адам өлгүндөй, Ким көргөн мындай жумушун; Сол жагында бирөө бар, Кылы тайкы кулун жал, Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, Мингени сулуу жылкыдан, Тышкы жүнү кызылдан, Туулгасын кырдаган, Найзасын оңдоп ыргаган, Кызыл чийки өңү бар, Капыстан чыккан качырып, Ак жолборстой түрү бар, Канатын ийип асмандан, Качырган бүркүт сүрү бар, Чылбыр бойу алдында, Көрүнүп турган бирөө бар. “Чынбы менин көргөнүм? Мындайды мурун көрбөдүм, Элебей калган экенмин, Он сегиздин өлгөнүн. Алдындагы бир киши, Бекбачага чаптырбай, Көмө чаап жатканбы? Ал киши кагып найзасын, Бекбача өзү чапканбы?” Калдык абдан караса, Оң жагында ыраакта, Оолак турган бирөө бар, Минген аты Койонбоз,