Салынганы Байандоз, Аңкарып абдан караса, Асманды карап эстесе, Күн тийгендей жарк этет, Жерди карап тиктесе, Күн баткандай күүгүмдөйт, Оң жагына караса, От күйгөндөй жалындайт, Сол жагына караса, Алты сай мөндүр борошо, Алай-дүлөй бургуйлайт, Далысында мылтыгы, Айнектен бетер жалтылдай, Жанындагы кылычы, Жакут таштай жылтылдайт, Белиндеги айбалта, Дүкөндөкү темирчи, Узангандай шаңкылдайт. Колундакы найзасы, Отуз эки сырдалуу, Он эки түркүм кырдалуу, Уңгусу болот учу курч, Тийген жери ырбалуу. Кытайча кызыл доолбас, Чымын тийсе кыңгырайт, Найзасы колдо койкойот, Зү ополдой зоңкойот, Абдан байкап караса, Кебетеси-кешпири, Тулку бойу турушу, Айдын көлдөй мелтилдейт, Сакалы саадак кабындай, Ыргаса шамал желпилдейт. Мурутунун буурулу, Букардан чыккан шайыдай, Жакшы чыккан муруту, Чоң балтанын сабындай, Көзү көлдүн буткулдай, Көрүнгөндү жуткудай, Күүлөгөндө аттанып, Бир шаарды бузгудай. Сын-сыпатын караса, Асман менен жериңдин, Тирөөсүнөн бүткөндөй, Алтын менен күмүштүн, Ширөөсүнөн бүткөндөй, Күүгүм туман көздөнүп, Майлаган буудай жүздөнүп, Ажыдаар сүрдөнөт, Алп кара куш түрдөнөт. Көрүп калдык камыгып, Жакадан алып кол сунуп, Ажал өлүм кабылып, Ушалап көзүн бардады, Жана чындап карады, Бекбачага беттешип, Барар шайы калбады. Ажалдан качып шекинип, Сепилдин кирип ичине, Турайын деп бекинип, Кирпигин ирмеп караса, Жалгыз турат Бекбача, Көргөнүнүн баары жок. “Тиги турган Бекбача, Сыйкыр экен жадыгер, Эми билдим сырын”, — деп, Карасурга камчы уруп, Качырып кирди теминип. Калдыктын көрүп караанын, Карап турган Бекбача, Күлүк аттай элирип, Делбе тап болуп туурунда, Токтобой турган бүркүттөй, Канатын кагып жээлигип: “Берсе кудай кезекти, Дүйнөнүн баарын булгаган, Бузук кол маңгыт Калдыктан, Алайын, деп, эсепти” Ээрдин тиштеп Бекбача, Эми чындап кезенди. Келе жаткан Калдыктын, Каары жүзүнө төгүлүп, Күүсү угулуп кулакка, Канаттуудай дыркырап, Урган баштай зыркырап, Найзасынан куу чыгып, Карышкыр улуп жаткандай, Кулакка кирет чуркурап. Качырып кирген Калдыктын, Карап турган Бекбача, Найзасын кагып жиберип, Майторуну кындыйтып, Кайта тийди имерип. Бир Бекбача Калдыкка, Эки болуп көрүндү, Беттешип найза кагалбай, Мойнуна алып өлүмдү, Бөйрөккө сайган найзаны, Алдындакы сур аттын, Капталына салаңдап, Жата калып жазгырып, Оңоло минип сур атка, Жайнап жаткан көп элге, Калдык кирди аралап. Буйрук берип аскерге, Киргизбе деп бурутту, Сепилге кирди мааналап. Он миң аскер эшикти, Тегереткен камалап, Аралап кирди кара көк, Күйгөн оттой жайнаган, Он миң колду аралап. Кылычынан баатырдын, Кан куйулат салаалап. Орто жерин коо кылып, Туурасынын кеңдигин, Аркан бойу жол кылып, Арыкта суудай аккан кан, Кулакка доошу угулуп, Дарбазага Бекбача, Күн түнүндө жеткени. Айбалта менен бир койуп, Кара темир каптаган, Канча жерден мыктаган, Каалгасын капшырып, Каршы чыккан канчаны, Ал дүйнөгө тапшырып, Он миң колду Бекбача, Жалгыз өзү жапшырып, Коктукаттын шаарына, Аралап кирди бастырып. Коктукаттын шаарында, Беттибет деген бар эле, Алты бала бир катын, Өзү менен сегиз жан,
Кулагы дүмпөр укпаган, Тили кекеч ээ дебес, Оозунан зобон чыкпаган, Аны менен тогуз жан, Мыкты агасы бар эле. Хан болуп Калдык турганда, Катын таап келгин, деп, Бир жубанды алпарса, Бойго жеткен кыз эмес, Эрге тийген бул катын, Хан башыма теңби? — деп, Нил куйдуруп көзүнө, Сокур болгон кез эле. Кийген кийим жаткан үй- Баарысын Калдык айыпка, Тонотуп алган кеп эле. Бекбачаны келет, деп, Кыймыл эткен баарыны, Калдык жүргөн белендеп. Жайылма деген бир катын, Эбегейсиз башкача, Өтө сулуу неме эле, Базар ачып өзүнчө, Баш байлабай кара бет, Күн кечирип жүрчү эле, Шаарга кирип Бекбача, Башкарып элди турганда, Ким билет деп Калдыкты, Элден муну сураса, Беттибеттин алдына, Жайылма барды ал айтып: — Мына бу келген Бекбача, Башкача адыл кең пейил, Кем-керчи жок эр экен, Карап көрсөм Бекбача, Телегейи тең экен. Калдыктан качып базарга, Баралбай жүрдүм аралап, Ата тегим өзүбек, Калмакка кантип тийем, деп, Билинбей жүрдү мааналап. Албаса да Калдыгың, Жолтоо катын кылат, деп, Алтымыш уруу алашка, Угулуп калса уйат, деп, Көзү кыйбай алганым, Мага окшогон жалжалым, Соодагер болуп келгенбиз, Чаңбейсенге барарда, Эримди үйдөн Курчун хан, Аскерге алды айдатып. Кара сакал жанайдан, Өлгөн окшойт алганым, Келгени жок ал кайтып. Дүнүйөмдү таштап бул жерге, Катын башым эр эмес, Кеталбадым түн катып. Күндүзү чыкпай талаага, Жалгыз жаттым уурданып. Калдыктан көргөн кордугуң, Сага кылган зордугун, Сен баргының арыз айтып, Сени менен, Беттибет, Мен барайын дарт айтып. Перенжемди башымдан, Алып таштап киремин, Кыргыздар тартпайт перенже, Айылдаш жүргөм билемин, Жолумду ачса кудайым, Алты жыл болду сагындым, Эрдин жытын, Беттибет, Бекбачага тийейин. Бекбача жетсе заарыңа, Күмөнү жок Беттибет, Коктукаттын шаарында, Алтын такка минериң. Жайылма айтып акыл кеп, Беттибет угуп макул, деп, Ээрчише басып ал экөө, Бекбачага келишет, Баштан өткөн жумушун, Байандап айтып билгизет. Калдыктын кайда кеткенин, Такыр булар билишпейт. Айтканындай Жайылма, Беттибетти Бекбача, Алтын такка мингизет, Хан болду деп Беттибет, Айтып элге билгизет. Бекбачанын алдына, Жайылма кирди делбиреп. Перенжи жок бетинде, Жамандык жоктой көрүнөт, Каранда неетинде: — Жайылма келдим алдыңа, Айкөлдүн уулу Бекбача, Алымды менин уктуңуз, Эримди жеген кара бет. Самаркан, Ташкен, Анжыдан- Аларга барсам аралап, Калмакка тийген канчык, деп, Жайымды угуп түшүнбөй, Өлтүрүп таштайт өзүбек, Башымды байлап өзүңө, Кыргызга мени ала кет. Баш байлабай барбаймын, Барсам алат да бирөө, Жолоочу катын дедирип, Ал атакка калбаймын, Жообуңду уксам айткының, Кулакка чакпас кеп болсо, Өзүмдү өзүм жайлаймын, Канжар салып кардыма, Тимеле өлүп калбаймын. Кыргыздын ханы курусун, Эри барбы- жокпу, деп, Сурабастан ал-жайын, Күндө бирден катынды, Алып кирип жатат, деп, Бүткүл элге жайамын, Өзүң тургай, Бекбача, Түп атаң айкөл Манасты, Калганда бүткүл алашты, Жаман атты кыламын. Караладым кат менен, Алтымыш байрак кагаздын, Бир эмес кагаз жүз барча, Элөөсүз элге карматтым, Түбүмө менин жеткенде, Бекбача мында кеткенде, Ар кайдан келген кербенге, Тараткын деп элдерге. Ишенбесең Бекбача, Бир барчасы мынаке. Көзүң тирүү турганда,
Тилиң өтөт бар элге, Ажал айдап кеткенде, Кебиң өтөт кимдерге? Кербенге берген кагаздар, Бүтүн тарап кетпейби, Жер жүзүндө жүргөнгө. Деп Жайылма айтканда, Ойлоп калды Бекбача: “Өлтүрүп койсом катынды, Кагазы тарап кеткидей, Өз башым менен кетпестен, О дүйнө кеткен арбакка, Зардабы мунун жеткиндей”. Кандай дээрин биле албай, Айтканга катын тил албай, Беттибетке кеңеш сал, Кебиң болсо, деди эле. Жырылгыс жерден өпкөнү, Илип алар кезеги, Кыйамына келди эле: — Айтканың чын, Бекбача, Акылыңа кошулдум, Чынкожо, Толтой зарпына, Кыйналган элдин дартынан, Барып тийди Айчүрөк. Андан башка алашта, Айтып тийген иш эмес. Хан кылган кишиң Беттибет, Нарк-нускаңды билгендей, Алаштан келген киши эмес. Албасаң алба Бекбача, Алашты булгап ааламга, Бул айтканың кандай кеп? Кулуң болду Беттибет, Жайылмага сен айтып, Мага алып бергин, деп, Мындай айтсаң эп келет, Бойго жеткен кыз болсо, Жез оймоктуу уз болсо, Мен алам деп ушуну, Эркек айтат эмеспи. Деп Жайылма турганда, Ылайык көрдү Бекбача, Беттибетке айтканга: — Айттың Жайыл дартыңды, Мага үйрөттүң акылды, Айтканым, чын ишенгин, Сени алайын макулбу, Калдыктан мурун өч албай, Мен албаймын катынды. — Кебиңди уктум Бекбача, Ишенбей жаткан жерим жок, Алып таштап кеткиниң, Айрылбаймын сенден мен, Ээрчитип ала жүргүн, деп, Асылып алар пейлим жок. Бекбача алган деп укса, Эл унчукпай тыйылат, Эримдин жогун эл билди, Албай таштап сен кетсең, Элдин баары чыр кылат, Тентектен чыгат нечени, Алаштын төгүп абийрин, Унутулгус сыр кылат, Жашырылбайт жамандык, Элге тарап угулат. Укпаган болсоң, Бекбача, Анда мейли эмеспи, Угуп туруп таштасаң, Убалым сага эмеспи. Бекбачаны эркине, Койгону жок жайылма, Наштардай кебин өткөрүп, Бекбачанын жанына, Аңгычакты Беттибет, Келип калды алдына. Беттибеттен жашырбай, Сырын айтты Жайылма, Бекбачага тиерин, Чынын айтты Жайылма, Катын антип жатканда, Эркек туруп кача албай, Алып койду Бекбача. Отуздан жашы ашканча, Согончогу канабай, Антип жүргөн Жайылма, Бекбачага тийгенде, Курсакта бар төрт айча. Алты күн туруп Бекбача, Хан Калдыктын зарпынан, Аттанмак болуп сапарга, Беттибетке тапшырып, Жайылманы Бекбача: — Эрди-катын болгон соң, Эркек-айал бой коштук, Бойкат болсо Жайылма, Эркек болсун, кыз болсун, Өзүң билип ат койгун, Мен туудум деп Жайылма, Катынсың атын койбогун, Өлбөй тирүү болгондо, Кайрылып сапар алар кез, Он эки жыл болжолум. Жыл он эки болгунча, Кек албаймын бул жерге. Зарыл болуп кыйналсаң, Киши чаптыр Беттибет, Болор болбос аз ишке, Убара болуп кат жазба. Кек алам деп өткөнгө, Өз элиңе, Беттибет, Жакшы-жаман кеп айтпа, Өтүп кеткен иштерге, Тилимди алсаң кек кылба, Жакшы көрүп бирөөнү, Жаман көрүп бирөөнү, Элди эки бөлүнтпө, Азыраак ишке көп сүйлөп, Элге жаман көрүнбө, Курсагыңды кең салып, Канаат кылгын бул күнгө, Булап талап эл бузган, Кумар ойноп мал чачкан, Карасынан кан төккөн, Капташып калса алдыңа, Шапкат кылба андайга, Атын тартып, тон жапса, Алданбагын андайга, Азбы-көппү өмүрүң, Ачык аны ким билет? Жазганы болбойт маңдайга. Кан төгүшүп бирөөгө, Коржолоңдоп кол салба, Пас көрүп сени кордосо, Андан жаның айаба.