Кардыгач менен Чакмакташтын өлүмү
Бир жарым жыл жол жүрүп, Ат арыктап тай болуп, Бит семирип, мар болуп, Калдык барды каңгайга, Ээси кетип дал болуп. Коктукаттын улугу, Элеңкырдын тукуму, Курчун деген бар эле, Каңгайлыктын ханы эле, Калдык барып арыз айтып, Курчунга ыйлап дарт айтып, Жан жыргатып жатыптыр, Бир күн келип бир киши, Курчун ханга айтыптыр: — Чаңбейсендик элдерден, Деңиздин бойун жердеген, Андан келип көп адам, Амырдын бойун карады, Чоң ингендин элдерден, Таман чаап алганы. Чыканак жерге салбастан, Чырым уйку албастан, Күндүз басып түн басып, Алдыңа Курчун хан келдим, Өзүңө кабар айтканы. Кабар угуп Курчун хан, Сансыз аскер кол жыйган: «Билсең дагы билбесең, Чаңбейсенди жердеген, Намысын колдон бербеген, Кара сакал Жанайдыр, Кара сакал Жанайдын, Бул кылганы кандайдыр?» Деп ойлонуп Курчун хан, Чакырып алып Калдыкты, Курчун айтат мындай ал: «Чаңбейсен тоосун жайлаган, Деңиздин бойун айдаган, Башкача сүрдүү адамдан, Мунун түбү тараган. Кара сакал Жанай хан, Амырдын бойун караптыр, Ингендин элин талаптыр, Мага айтып кабарды, Адам келди алардан. Эрдешип өлбөсөм, Элдин четин ким бөлсө, Ээси жоктой талаган. Камдап болдум баргалы, Жол керегин дайардап, Бекбача кыргыз элинен, Качып келдим мында деп Сен турасың Калдык хан. Беш жыл болгон келгели, Керме менен Жанай хан. Кайраты артык эр экен, Кажыбастын бири экен, Кабар антип угулган, Бүгүн элдин четинен, Чыгарыптыр чуулган, Жанайдын башын жебесем, Хандыгым бекер Курчун хан!» Деп Калдыкка айтканда, — Андай болсо хан Курчун, Мен да бирге барайын, Кара сакал Жанайга, Катылышып багайын, Чынары болсо Бекбача, Кыркып санаам тынайын. Курчун хан барбай кал деди, Болбой Калдык желдеди, Жүрүп кетти Курчун хан,
Калдык кошо кеткени. Чаңбейсен барды жол жүрүп, Тынымы жок мол жүрүп. Чапты деген кайсы эл, Чабылганы кайсы жер, Ушуну айта кетейин, Андан кийин Курчундун, Артынан кайта жетейин. Чаңбейсендин чыгышы, Деңиздин бойун жердеген, Чарба баккан эл экен, Мурунку жүргөн кишилер, Качкын кыргыз дээр экен. Алтай каңгай тоолорун, Жердеп жүргөн кыргызды, Моңгул айдап чапканда, Ойноп жүргөн балдардын, Шилисинен тизмектеп, Тал башына асканда, Алтай менен каңгайда, Кыргызда айдап көчүрүп, Ала-Тоого өткөрүп, Жерин тартып алганда, Кара сакал Жанай деп, Бир бөлүмдүн ханы экен, Ары качып чыгышка, Деңиздин бойун мааналап, Туруп калган чагы экен. Ингендеги моңгулдар, Качкан кыргыз мында деп, Дайынын угуп билиптир, Ылганып бир жүз отузу, Чаап алам деп кириптир. Алты жүз үйлүү киши экен, Эки миңче жан экен, Жанай анын ханы экен. Ылганып барган жүз отуз, Айал-үйөл кылбастан, Четинен талап алыптыр. Эндегей жаткан кыргызга, Кыйла бүлүк салыптыр. Колуна тийген кыргыздын, Бооз катынын жарыптыр. Бойго жеткен кыздарын, Талпак кылып тебелеп, Ак чач болгон кемпирди, Ары-бери сүйрөлөп, Орто жашта жубанды, Билгенин кылып буларды, Уландын баарын сойуптур, Карынын көзүн ойуптур. Жүз үйлүүчө кыргызды, Талап алып кетиптир, Эгин эгип, жер айдап, Элге жаккан жанайга, Ушул кабар жетиптир. Каарданып хан Жанай, Жүз элүүчө киши алып, Чаңбейсенден аттанып, Ингенге жете барыптыр, Жолукканды жолтолоп, Бу да талап алыптыр. Ингендик моңгул жыйылып, Экинчи ирет барыптыр. Моңгулдар барып колбушуп, Жанай чыгып жол тосуп, Кырылышып кайран эл, Кан агызып кетиптир. Кара сакал хан Жанай, Кайраты бар эр экен, Касиеттүү неме экен, Ал сапар барган моңгулду, Талап алган кеп экен, Кеңешип инген моңгулу, Бизди Жанай чапты деп, Коктукатка Курчунга, Кабар кылган кеп экен. Ак карасын сындабай, Кепти абдан сурабай, Акимдик кылып Курчун хан, Чаңбейсенге барыптыр, Кара сакал хан Жанай, Мындан кабар алыптыр, Камынып тосуп Курчунду, Алдынан тосо барыптыр, Болгон ишти катырбай, Жанай кепти салыптыр, Эл башкарган Курчун хан, Уйалгансып калыптыр. Маңгыт калдык кеп баштап: «Уйалба Курчун деп баштап, Кыргыз деген эл экен, Аба ачык, суу тунук, Тоо бойлоп жүрүп ар кайда, Тили тактын бири экен. Ырас болсо хан Жанай, Бейбаштык кылган моңгулга, Калбалашып кол салбай, Четтен талап мал албай, Киши өлтүрүп жан албай, Кунун кууп өлгөндүн, Кан ордуна кан албай, Сага барса болбойбу, Сени көрүп Курчун хан, Бүгүн таба койгону. Эми эки жыл өткөндө, Бекбача чыгат тийактан, Жанай чыгат быйактан, Ортого алат моңгулду, Ойлобойсуң бурутту. Чаңбейсенди аралап, Жашырынып түбүндө, Калган бурут турбабы, Уйалгансып жөн койсоң, Коңшусунан кол алат Анан сага кол сунат. Жапандан алат жасоолду, Аралдан алат адамды, Ар кайдан табат андайды, Аралап кирип четиңден, Айабай бүлүк салбайбы, А, көрөкчө бурутту, Койбой талап алалы, Капка тигип жанайлы, Коктукат алып баралы. Курчунду койбой эркине, Маңгыт Калдык бурады, Кара сакал Жанайдын, Өтпөй калды сурагы, Арзандык менен ал Жанай, Кол сунса мойун сунабы, Кандуу майдан курулуп, Беттешер болду убагы. Эми булар нетиптир, Мен-мен деген балбандан,
Жекеге чыккан андайдан, Бешти Жанай сойуптур, Чыдай албай хан Курчун, Өзү чыкмак болуптур. Курчунду Жанай өлтүрсө, Моңгулдун ханы болдум деп, Такка учуп кондум деп Калдыктын көөнү толуптур. Кандуу майдан кагышта, Карсылдашкан салышта, Курчунду Жанай сойуптур. Кыргыз, Моңгул кектешип, Жекеге чыкпай хан Калдык, Калгандар менен кеңешип, Коктукатка баргыча, Хан болду Калдык кылам деп, Эрдемсиген Жанайды, Эми эле эбин табам деп, Жекеге чыкты элеңдеп. Калдыкка Жанай кез келди, Курчун менен ону өлгөн, Ошондой кылам деп келди. Эрегишип эки күн, Эрикпей Жанай салышты. Көзү жетти Жанайдын, Калдык менен кармашып, Алы келе албасын. Эми Жанай ойлонду: «Табайын эптеп айласын, Түштүктү көздөй жылыштап Качып кетип калайын». Көзү жетип Жанайдын, Калдыкты кууп барбасын, Элине кайтып келишип, Эстүүлөрүн чогултуп, Кеңеш кебин бериши: — Калдык деген каар экен, Айтканынча бар экен, Качыргандан кайтпаган, Бөйөн менен чайандай, Жыландан жаман заар экен. Эби келсе силерге, Азыраагың калыңар, Калганың кайта барыңар Үй-үлкүмөт, мал-пулду, Жыйнап алып калганды, Чыгыш түштүк тарапка, Качып жолго салыңар. Эки күнү калдыкка, Айла менен урушуп. Амал кылып турушуп. Аркаңардан жетермин, Ажал жетсе аңгыча, Ажырашып кетермин. Тандап туруп он бешти, Алып калды хан Жанай, Караңгыда калдастап, Кайра кетти калгандар, Жанай, Калдык беттешип, Күч ортосун чектешип, Эрегишип сайышты, Калдык күчөп күркүрөп, Жанай чарчап калышы, Экинчи күндү кеч киртип, Караңгыда калдаңдап, Качып жолго салышты. Сары деңиз бойунда, Жандан деген эл бар дейт, Жанайдын эли бекен деп, Кыргыздын эли күмөңдөйт, Качып Калдык кыргыздан, Моңгулга барып хан болуп, Курчундун минип тагына, Ээ болуп алып багына, Кайтып келди хан Калдык, Коктукаттын шаарына, Мансаптарды чогултуп, Кишиси көптүн мансабын, Өйдөлөтүп чоңойтуп, Мындайраак көздөө болгонун, Эбин таап жоготуп, Каранды кылды кара ниет, Моңгулдун элин колбутуп, Кыргызга бармак ойунда, Моңгулду айдап колбутуп. «Бир четинен кыргызды, Түгөтө кырып барайын, Кумул менен Турпанды, Мен аралап багайын, Найза сайбай кан төкпөй, Аралап өттүм Лопнурду, Алды менен чабайын, Чогулса кыргыз баш бербейт, Хан Кетиркей, Жагалмай, Кардыгач менен Чакмакташ, Алардын эбин табайын. Арал азык кашкарды, Анжийан, Ташкен, Маргалаң, Баарын талап албасам, Наманген менен Самаркан, Буларга бүлүк салбасам, Атбашыда Бактыбай, Туйдурбастан баспасам, Кан ичменин бири экен, Умачтай көзүн ачпасам, Жалпайтып баарын тебелеп, Жыпжылма түптүз кылганда, Менден кандай кутулат, Жалгыз калат Бекбача». Каңгайда жатып Калдык хан, Кыргызды жеңип ой менен, Айдап чыкты кулбутуп, Алтымыш миң кол менен, Кээде суулуу, кээ чөл, кээде чөптүү, кээде кум, Азаптуу мүшкүл жол менен, Лопнурга кирип аралап, Утур келген кишини, Кылыч менен кыймалап, Мен кыргызмын дегенди, Үйүн өрттөп сыйдалап, Карарган коргон там койбой, Талкалатып,жылмалап, Көл жээгине жеткенде, Бул кабар элге жетти эле, Лопнурдагы Турумтай, Туш-тушка киши чаптырып, Кире, Чире, Котенге, Аларга кабар айтыптыр, Лопнурда нойгут элдери, Ой-тоодон баары келгени, Кырылыш ар күнү, Калдыкка алы келбеди, Түгөнүп калар мезгилде, Хан Кетиркей, Кардыгач,