Каны кылган жардыктан. Элүү миң аскер кырк балбан, Тоодой Калдык баштаган, Ат койуп кирди турбастан. «Манастап» кыргыз урааны, Адамдын тунат кулагы. Мындай чууну укпаган, Найза, кылыч, балтасын – Баарын таштап атыптыр, Кулагын басып кош колдоп, Таңгуттун баары жатыптыр. Айкын билип Кетиркей, Буйрук кылды мындай деп: — Ураанды жакшы салгын, — деп, «Манастап» ураан айтканча, Тоңкойуп жаткан элдердин, Көзгө толгон эрлердин. Шайманын жыйнап алгын деп. Белиндеги кылычын, Чечип алса белинен, Кантесиң деп айтпады, Кулагын басып кол колдоп, Үстөмөндөп жатканы. Тепсеп жүрсө турбады, Башын өйдө кылбады, «Бөрк ал десе баш кескен» Мындай эчен ургандар, Былк этпей жаткан чандандын, Башын кесип салганы, Кылычын канга майлады. Сүр-сүр түшүп ызы-чуу, Таң агарып кылайды. Шоолалап Калдык караса, Кыргыздын туусу солк этпей, Хан Кетиркей турганы. Өзүнүн элин караса, Ат үстүндө бирөө жок, Карапайым кыргыздар, Далайдын башын алганы. Байкаса Калдык аңкарып, Жүзчөлүк кыргыз бир жерде, Чылбыр, тизгин бош кеткен, Жыйнап жүрөт атты алып. «Жагалмай менен Чакмакташ, Бир күндүккө чыдабас. Кан Кетиркей калганы, Каарыма чыдап тура албас, Бекбача бар балакет, Эрдемсип кирсем теминип, Өлүп кетет курган баш. Жашым кыркта кырдамын, Бекбача көрүп калганча, Бир жакты көздөй жылайын, Адырда жүргөн бир топтун, Бирин койбой кырайын, Бир четинен кыргыздан, Өч алганча турайын, Жагдай келсе жарашып, Айбалкайдан тик жарып, Өт алганча турайын» Деп хан Калдык кобурап, Арамдык бүгүн ниетине Ат жыйнаган элдердин, Жетип келди четине, Кардыгач анда бар экен, Ошол элдин ичинде, Кардыгач кандай жан экен. Аны Калдык билбеген, Сексенчелик киши экен, Буларды көзгө илбеген, Жеткен жерде тоңкойтуп, Сайып кирди бир четтен. Жыгылды деп тим койбой, Ичинен канын чубуртуп, Боорун жарып өт алып, Куну деген дары деп, Жүрөк канын кошо алып, Жыйырмача кишини, Өлтүрүп ийди өч алып. Көрө койуп Кардыгач, Чакмакташ менен жатындаш, Бир курсактан эгиз баш, (Кээ бирлери кошмок деп, Эки түрдүү кеп айтат) — Эрди сайып алмак бар, Ичин жарыш кайда бар? Нарк нусканы билбеген, Сендей айбан кайда бар?! Айкырып жетти Кардыгач. «Жаш гана кай бала экен, Ажал алып жакадан, Жолу тийбей өлгөнгө, Шашып калган чагы экен» Деп ойлонуп Калдык хан, Айбан деген кеп угуп, Айабай жаман ардыккан, Күркүрөтүп найзасын, Күүлөп алды кара ниет, Жаш карынын ылгабас, Ичи заар, кара бет. Теектүү найза албады, Такалып калат кокус деп, Каскаксыз найза алганы, Качырып жөнөп калганы, Калдык менен беттешип, Кардыгачтын ичинде, Калганы жок арманы. Калдык келет мекийип, Ирмебей көзүн чекийип, Алайын деп баланы, Найзага илип көтөрүп. Сайдырбады Кардыгач, Он тогуздан өзү жаш, Өзү аргын уруусу, Бала мындай туулбас. Найзасынан үн чыгып, Кайраты толук жетик баш. Карса-курса сайышып, Каңкылдатып найзасын, Сайдырбастан кагышып, Имериле калышып, Эми чындап салышып. Найзасы сынды Кардыгач, Калдык жаман каарданды, Сайамын деп баланы. Апкаарыбай Кардыгач, Жалындаган найзаны, Жазганбастан кармады. Сабы калды колунда, Байыркынын кептери, Байандап айтса сонунда! Учунан кармап Кардыгач, Тарткылаша кеткенде, Учунда уңгу темири, Суурулуп чыгып кеткени.
Сабы калды Калдыкка, Учу жок найза сайганга. Сойулдай күүлөп имерип, Кардыгачты чапты анда. Чаптырбастан Кардыгач, Балта менен какканда, Найзанын сынган жыгачы, Зыркырап учат асманда, Кайраты толук Кардыгач, Жазылып калды дастанга. (Эрикпейт да зерикпейт, Элден жыйнап мындайды, Акын Балбай жазганга. Алтымыш бештен ашканда, Эстеп Жусуп айта бер, Агаңдан калган нускаңды, Жайып элге чачканга) Найзадан булар айрылып, Балтасын алып камынып, Жана кирди Калдык хан, Ач бөрүдөй чамынып. Туулгага чаптырбай, Балтаны тосо бергенде, Айбалтасы Калдыктын, Сырты кетти жарылып. Тик качырды Кардыгач, Балтасы жок Калдыкты, Чабайын деп жапшырып. «Таамай чапсам ким болсо, Бул дүйнөдөн узатам, Ал дүйнөгө тапшырып». Жаш балапан Кардыгач, Жан айабай баратат. Маңгыттардын Калдыгы, Ичине батпай ардыгы, Такымдагы чойун баш, Жолум үйдөй чоңдугу, Булгап-булгап имерди, Кардыгачты чокуга, Чойун баш менен жиберди. Балта менен чокморду, Салып калды Кардыгач, Сырты тийбей балтанын, Мизи тийип чокморго, Калдыктын чапкан чокмору, Күчтүү чапкан чоң балта, Капталынан тийгенде, Ыргып кетти капкайда. Кардыгачтын балтасы, Кошо кетти чокморго, Сабы калды колунда. Капыр Калдык карарып: — Эмикинин балбаны, Ааламга тийген зардабы. Бекбача мындай кылбады, Муштумдай болгон жаш бала, Мени ушундай кыларбы? Жанындагы кылычты, Кабынан суурганы, Кыйамына келтирип, Кыйа чаап белинен, Кыйырынан кылыч урганы. Билбей калбайт Кардыгач, Найза кагар шылк баш, Бүлдүргөсү белгилүү, Кемерине илинүү, Жулуп алды Кардыгач, Кылычты кандай чабарын, Байкап калды Кардыгач. «Кысталак буруттун, Жарык күнү түгөндү, Бул дүйнөдөн жөнөдү» Деп Калдык катуу кезенип, Жайылданып алыптыр, Туура белди болжолдоп, Кылыч шилтеп калыптыр. Ылаачындай шамдагай, Өтө андес Кардыгач, Кармап турган оңтойлоп Шылкы мойун чойун баш, Дал бетине кылычтын, Жаза чаппай какканда, Өзү болот темирден, Сугаты катуу берилген, Шылкы баш катуу тийгенде, Үзүлүп кетти белинен, Сабы калды колунда, Тутамчалык темирден. Калдыкты кудай урганы, Кардыгачты жакадан, Колун сунуп кармады, Кардыгач туруп албады, Жакадан бу да кармады. Кардыгач адис бала экен, Кан Калдыктын колуна, Канжыга орой салганы. Кардыгач мурун көрбөгөн, Калдык өңдү балбанды. Калыңдыгы бир эли, Жазылыгы төрт эли, Ийлеген бугу кайышты, Чирене түшүп тартканда, Үзүлүп кетти чарт этип, Билегинин териси, Сойулуп чыкты шалп этип. Кан Калдыктын колунда, Билегинде тери жок, Аны Калдык кенебей, Элеп койгон жери жок, Эр азамат неме экен, Эрдигинин эби жок. Эрлеринен ажырап, Ичи ачынган Калдыктын, Жанын айар жери жок. Он тогузда Кардыгач, Ушунчалык кылганга, Калдык жаман ардыгат, Капаланып хан Калдык, Кайгыдан өңү саргарып, Кетелек деген куралын, Эптей кармап колго алып, Чачыратып жоготуп, Кетейин деп бир салып, Ачууланып белсенип, Эрдин кесе тиштенип, Кардыгачты качырды, Күүлөп алып тап берип. Чаптырбады Кардыгач, Сала берип олутун, Кара жерди чаптырып, Эрди чаппай жерди чаап, Эң эле жаман ардыгып, Улай үчтү чапканча, Чаптырбады жаздырып. Калдык жаман кара ниет,
Абийири жок кара бет, Чаптырбады Кардыгач, Чабалбай Калдык ардыгат. «Кардыгачтын өзүнөн, Кыйын экен Буурул ат, Буурулду бутка атайын, Ажырап аттан калганда, Жер жаздантып чабайын». Арамдык кылып ал доңуз, Жебени алды колуна, Аткан огун Калдыктын Тийгизбей кармап алсам деп, Кардыгачтын ойунда. Калдыктын тарткан жебеси, Буурулдун тийди колуна, Колу сынды Буурулдун, Калдыктын аткан огунда, Карап турган Жагалмай, Арткы элдин тобунда, Койгон бойдон жөнөдү, Кардыгачты куткарып, Ала кетиш ойунда. Жагалмайды Калдык кан Жазбай таанып билгени, Минген аты Эликсур, Атын атып жиберди, Жебенин огу жеткени, Кулак түптүн безине, Жебенин огу мылк деди, Жаадай учкан Эликсур, Бутадай учуп кетти эми. Калдык койуп баратат, Кардыгач менен Жагалмай, Катар башын кескени. Калдык башын кесер деп, Кардыгач менен Жагалмай, Катар өлүп кеткенде, Ишибиз болоор бекер деп, Басып калган Чакмакташ, Бутун айап чебердеп, Бозала менен койгулап, Зырылдатып жебени, Демеп тартып чойгулап, Манас деген үн менен, Канаттуудай зыркырап, Көргөнгө түрү бир башка, Ажыдаардай сүр менен Чакмакташты көргөндө, Калдыктын бойу сезгенди, Колундагы жебени, Чакмакташка имерди. Жебесин Калдык тартканча, Чакмакташ тарткан жебеси, Калдыктын колун шакшактан, Талкалап чыгып кеткени, Колундагы тарткан жаа, Жерге түшүп кетти эми. Кайра тартып калдактап, Калдык качты далбактап, Өпкөлөтө теминип, Эки буту салпактап, Бозала менен Чакмакташ, Кууп барат дардактап, Коркуттум деп Калдыкты, Чаначтай көөп барбактап, Эр чырагы эки көз. Маңдайында алактап, Аркардай таштап арышты, Бозала барат шалактап, Териге сыйбай Чакмакташ, Бара жатат далактап. Калдык минген Карасур, Жаадай учуп зыркырап, Ылаачындай дыркырап, Аркасында чаң калып, Бута атым жерде быркырап, Бозала менен Чакмакташ, Жетер-жетпес баратат. Алдыңкы жерди карабай, Ой-чуңкурду санабай, Өлүмдү калды унутуп, Кылча жанын айабай. Аркан бойу эни бар, Калдык жетти бир аңга. Айагы эки бөлүнгөн, Аңкайып Калдык караса, Аттатып өтүп бир аңдан, Жарды бойлоп жөнөдү. Көрө салып кардыгач: — Калдыктын алды аң экен, Аң болбосо жар экен, Түз кете албай бултактап, Жол таба албай калды, — деп, Мен тосойун алдын деп. Минген атын чуратып, Артынан чаңды чубалтып, Кыйа артып жөнөдү, Каргаша келип капташса, Адамдын көзү көрөбү, Катар келген кош аңдын, Туурасы сүрөө бута атым, Бозаланы Чакмакташ, Камчы менен шыбады, Эти ачынган Бозала, Арыштап катуу чуркады. Аттап чуркап кош аңдан. Эки колу жар чапчып, Эки буту аң тепсеп, Чалкасынан жыгылды, Аты менен Чакмакташ, Жер кемерге тыгылды. Аркасын Калдык карабай, Качкан бойдон кетиптир, Чакмакташтын артынан, Кардыгач улай жетиптир. Чакмакташты тар аңдан, Тартып алды Кардыгач, Бели үзүлүп кетиптир, Жашылданып көздөрү, Өлүп кетти Бозала ат. Чакмакташты Кардыгач, Мингизип алып атына, Жетелеп кетип баратат. Кылчайбай Калдык качканча, Индустан кирип кете албай, Текси тоо бойлоп жөнөдү, Улуу ингенге жете албай, Моңгулдан башка Калдыкка, Баш калкалаар жери жок, Башка элге Калдык бата албай, Коктуга кетти кан Калдык, Муну мындай таштайлы, Бекбачанын Көйкапта, Жомогунан баштайлы.