← Асылбача-Бекбача 3/3

— Дуулат баскын, сен да бас, Менден Дуулат жакшыраак, Жолду айкын билесиң, Черченди карай баштап бак. Токтобой Дуулат бурулду, Пулумду берип кеткин деп, Жанакы киши буйурду. — Дуулат менен Темирбай, Өтүгүн чечип, кум шыкап, Мойнуна артып айда! — деп, Эр Бекбача буйурду. Дуулат менен Темирбай. Өтүгүн буттан сууруду, Жык толтура кум куйду. — Чапанын чечип ал, — деди, Атына арта сал деди. Чапанын чечип алганда, Кындуу кылыч жанында, Эки миз шамшар санында, Айбалтасы белинде, Жазып койгон кат турат, Айбалтанын сабында. Темирбай молдо киши экен, Катты окуп караса, Сапка жазган кат экен, Катта Калдык аты экен. Кылычын сууруп аларда, Сабында катты көрүң деп, Бекбачага барарда, Бекбача айтат аларга: — Бекбачаны таптым деп, Сен Дуулатка айтканда, Мунун өңү кубулган. Мен ошондо туйгамын, Жылаңайлак айда деп, Мен андыктан айтканмын. Калтырбай айткын сырыңды, Жалганы жок чыныңды! Толгоп турду чыңыртып, Санына салып чылбырды. Бир үнү көккө улашып, Бир үнү жерди как жарып, Чыдай албай муну айтты: — Мени Калдык бар деди, Лопнурдан кабар ал деди, Алтын, күмүш айабай, Жол баштатып бар деди, Кабарды мага сал деди, Лопнурду колго алганда, Хан болуп анда кал деди. Хан болдум деп ойумда, Келатканмын залкайып. Бекбачаны таптым деп, Мына бу киши айтканда, Не деримди биле албай, Турган элем шалдайып. Жылаңайак айда деп, Буйрук берди силерге, Сырым болуп ашкере, Билинип калдым бул жерде. Бадахшандан качканда, Он эки киши качканбыз, Оогандын элин аралап, Оогандагы кыргыздын, Алын көрүп чамалап, Ошондо ойлоп басканбыз. Индустан менен айланып, Учураган кишиден, Жолду сурап кеп алып, Кешмирдеги кыргызды, Аралап чыкты түз барып. Ноңпа деген жер келди, Түгөл кыргыз эл келди, Таптакыр чаап жөнөдүк, Түп көтөрө бул элди. Кыргызды талап олжо алып, Ласага бардык жол алып, Ламасы менен көрүшүп, Элүү миң аскер кол алып, Какшатып туруп Ламаны, Алтымыш балбан кошо алып, Тартууга берип Каканга, Андан аскер алам деп, Алтын, күмүш мол алып, Азык-түлүк артканга Беш жүз ашуу нар алып, Алды айгырдай бел ашып, Аладырдай жер басып, Черчен, Лопнур, Турпанды, Кумул, Баркөл, Манасты, Түп көтөрө чаап алып, Кокту катка барганы. Кыргыздан олжо көп алып, Аны берип Каканга, Андан сурап кол алып, Беш урукту кошо алып, Алтай, Иле, Ысыккөл, Басып өтүп буларды, Биз Таласка барганы, Убаданы кылганбыз. Таңгуттун баштап аскерин, Черченде уруш кылганбыз. Эрегишип беттешип Эрдик уруш кылбадык, Жапма уруш баштадык, Жапырт калбай каптадык. Көзүбүз көрдү чыракты, Желпилдетип туу сайып, Кетиркей кармап байракты, Чакмакташ менен Кардыгач, Черчендеги Жагалмай, Ченебей бизди кыйратты. Чыдай албай кыргынга, Ажыраштык бөлүнүп. Бүгүндөн баштап урушмак, Эр сайышып көгөрүп, Баатырлар кийип башына, Туулгасын чөмөрүп, Сүр көрсөтүп өзүнчө, Күүлүү найза өңөрүп. Мени Калдык бар деген, Лопнурдагы кыргыздан, Анык кабар ал деген, Черченден киши өткөрбөй, Жолду тосуп сал деген, Аз күндөн кийин мен барам, Хан болуп анда кал деген. Менин атым Дордоно, Бүттү кебим ошончо, Лопнурдан киши тапмакмын, Азык, менен Кашкардан, Кулак төшөп кеп тыңшап, Бекбачаны кулактап, Калдыкка айтып турмакмын. Дайынсыз болсо Бекбача,

Бөлүм-бөлүм кыргызга, Бүлүк салып тиймекпиз, Келди десе Бекбача, Кокту каттын шаарына, Бурулбастан кирмекпиз. Дордоно кебин бүтүрдү, Эр Бекбача кара көк, Кепке анык түшүндү. Бирге алып Дордонду. Төрт киши болуп жөнөдү, Эшекарт деген бел ашып, Эңкүүсүндө кум басып, Дигер болгон мезгилде, Черченге жетти жанашып, Бекбача кетип баратат, Калдык десе жаны ачып. Капчыгайдын оозунда, Жаткан экен кармашып, Бөлүнүп аскер түшкөн кез, Уйасына күн батып. Темирбай койуп жетиптир, Бекбача баатыр келди деп, Кабар айта кетиптир. Котендеги Кетиркей, Черчендеги Жагалмай, Бекбача келди деп угуп, Булар туруп ала албай, Чакмакташ менен Кардыгач, Ал жаны калбай жүгүрүп, Арстандай бели бүгүлүп, Урмат кылып баатырга, Таазим кылып жүгүнүп, Колун сунуп көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Эсен-соосун сурашып, Хан Кетиркей ат алып: — Мен байлайын Тору атты, Хан Кетиркей маа бер деп, Кардыгач менен Чакмакташ, Жагалмай – үчөө талашып, Кетиркей берди желдетке, Жетелетип жигитке, Желдетип атты суутуп, Аса байлап салышып, Алты киши бөлүнүп, Ат кайтарып калышып, Баатыр шердин алдына, Байандооз бүктөп салышып, Айуу талпак жайышып, Конок кылып баатырды, Сүт ботодон жарышып, Дасторкону май болуп, Карысына малышып, Өткөн ишти баатырга, Кетиркей айтып отурду. Келин каш болуп таң атты, Отко койуп аттарды, Эштектин эли меймандос, Самаварын кайнатып, Дасторкондун бетине, Түрдүү даамын жайнатып, Сары кантын чактырып, Дасторконго чачтырып, Кишмиштен салып буулантып, Палоосун, сартка бастырып, Куурдак менен май койуп, Чыны менен чай койуп, Аш-тамагын жай койуп, Капакка салып бал койуп, Каймакка бышкан нан койуп, Канык кара чай койуп, Кымыз куйуп кесеге, Чарадай айак көтөртүп, Керт башына жекеге, Ыркитти куйду көөкөрлөп, Ичип алган кишинин, Көөнү эргип көкөлөп, Өпкө оорулуу кишилер, Күрс-күрс этип жөтөлөт. Тамаша менен таң атып, Даамдан колу бошобой, Өтүп кетти ошол түн, Жер бетине күн чалып. Муну мындай таштайлы, Кыргындалган Калдыктын, Коктукатты аралай, Качканынан баштайлы.