Эр Бекбача баратты, Эми баатыр карматты, Кадимкидей санатты – Кырк-элүүдөн кишини, Катарлап сайчу адатты. Бодоңду сайып торойтуп, Жедигердин Кара көз, Башын кагып жөнөдү, Мойну калды кодойуп. Чынар менен Бетирке, Катарынан жыгылды, Жер кучактап торойуп, Жалгызектин Бактыбай, Ал тууралуу камынбай, Бекбача сайып өткөндө, Башын кагып баратат. Кара аскерге катышпай, Атка минген эрлерин, Менмин жалгыз дегенин, Ылгап сайып Бекбача, Улай барат Бактыбай, Башың кагып артынан. Жабике менен Йобалы, Кара кытай Зоңтары, Каршы алдынан баатырга, Катар кирген убагы. Бирине-бирин жеткирбей, Сайып өттү Бекбача, Өпкөнүн канын агызып, Жайып өттү Бекбача. Жалгызектин Бактыбай, Кылчайып артын караса, Таабалды менен Матанды, Шерматкан менен Турдана, Эр Турумбек, Такыр баш, Ысык көлдүк Медербек, Таластагы Татыбек, Ушулардын баарысын, Шибе, солон – эки урук, Манжуу, монгул – төрт урук, Кара кытай кошулуп, Маңгыт менен алты урук, Сегиз эрди качырга, Эки-экиден теңдешип, Артып алып баратыр, Аркан менен белинен, Тартып алып баратыр. Казактардын Курмушу, Өзүбектин эр Мурат, Кызыл канга бойолуп, Өлүшүп барат арада, Ажыратып аларга, Алы келбей баратыр. Жанын айап Бактыбай, Жашырынбайт андайда. Кара кытай Кампалаң, Моңгулдардын эр Калдаң, Аттарын олжо алыптыр, Ортого алып эрлерди, Жүз миң аскер жабылып, Чыккан жердин чөбүндөй, Жайнап жөнөп калыптыр. Кездемдин боосун чубалтып, Кескерип найза чунайтып, Топчу кулак кер атты, Аркадай арыш алдырып, Алты катар аң келсе, Алты аркан бойу жар келсе, Кабаттап аттай чуратып, Манастап уран чакырып, Жеткен жерде Бактыбай, Моңгулардын Калдаңды, Кара кытай Кампалаң, Катар сайды сулатып, Манас деген үндү угуп, Бекбача артын караса, Чалдыга түштү көзүнө, Көп аскердин ичинде, Бактыбайдын караны. Бактыбайдын артынан, Өзүбектин Эр Мурат, Мекелеп кетип баратты, Бактыбай сайып өткөндө, Калдаң менен Кампалаң, Башын кесип жөнөдү, Баатыр Мурат аркадан. Казактардын Курмушу, Карсылдашып бараткан, Баатыр Мурат нетиптир, Качырга жүргөн артылып, Хандарга Мурат жетиптир, Баатыры жок, ханы жок, Башкарары дагы жок, Мурат кирсе аралап, Баары качып кетиптир. Бактыбайдын найзасы, Узаргандан узарып, Өрттөй көзү кызарып, Буркурап ооздон от жанып, Эрдигинин эби жок, Өлүмдөн коркуп Бактыбай, Жазганып калар пейли жок, Бекбача бар артында, Бактыбайдын көөнү ток. Маңгыттарды хан Калдык, Көз үйрөтүп карады, Катардагы кишисин, Бирден – бирден санады. Эңкейип кетсе өбөктөп, Жыгылаар болсо жөлөктөн, Каралды болор адамдан, Карааны жок көрүнгөн. Тегеретип эрлерин, Телмирип карап турганда, Арасында көп элдин, Бактыбай жүрөт аралап. Балта, кылыч, найзадан, Куйулган кан сабаалап, Ушу бүгүн тирүү жан, Калаар эмес саламат. Он төрт ханы алаштын, Өлбөй-житпей бары сак, Бекбача жүрөт бир четте, Көрүнгөндөн көрүнүп, Кээде туман сөгүлүп, Кээде жылдыз жылтылдап, Кээде сымап кылтылдап, Кээде жолборс күркүрөп, Үнүн уккан кишинин, Сийдиги агат бүркүрөп, Карап көрсө хан Калдык, Бекбачага таңданып, Кара кулак шер экен, Уккан менен көргөндүн, Кимиси мындай эр экен?
Кара кыргыз Бактыбай, Бекбачага бел экен. — Хандарымдан ажырап, Калыптырмын жалгыз мен, Канатым сынып уча албай, Талыптырмын Калдык мен, Баатырлардан айрылып, Кан жутупмун кайгырып, Түгөтүптүр күнүмдү, Заманамды тар кылып. Тосоттоп тур бастырбай, Тар кыйа, тайгак жол кылып. “Жатып өлбөй, атып өл” Байыркынын кеби экен, Бир чети акыл эп экен. Салган бойдон жетейин, Башын кесип Бактыбай, Байланып алып кетейин, Күңгүрөнүп кара неет, Уйалбаган кара бет, Топко кирди аралап, Бактыбайдын жолунан, Тосуп турду маралап, Билип калып Эр Мурат, Байкап турат чамалап, Кара неет чоң маңгыт, Өтө жаман ардыгып, Жакын жерден качырып, Карчыганын балык эт, Найзанын учун батырып, Бактыбайды кер аттан, Аңтара сайып жөнөдү, Тамырына бөйрөктүн, Найзанын учу аралап, Жарадар кылып төрөнү. Ашыгып Мурат калыптыр, Айкырыкты салыптыр. Мураттын үнүн укканда, Кайраттанды кара неет, Ажыдаардай сүрдөнүп, Айбаттанды кара бет. Өзүбектин Мураты, Сенин алың канча, деп, Муратка найза сайдырбай, Сайып өттү тоңкойтуп, Артынан жетти Татыбек, Аңтара сайды соройтуп. Кашкардын ханы Турдана, Чылбыр чойуп жыгылды, Калдык найза урганда. Турпандагы Турумбек, Көрөр күнүң ушул, деп, Өлтүрө сайды хан Калдык, Өпкө боордун тушу, деп. Хан Калдыктын көзүнө, Бекбачанын карааны, Кыйгачынан чалдыкты, Сегиз Хандан ажырап, Жалгыз калган чагым, деп, Төрт баатырын кыргыздын, Өзүм алдым жанын, деп, Бекбачага кез болсом, Калбайт түрүү жаным, деп, Буйрук берип аскерге, Токтотор уруш белгиси, Барабанды каккын, деп. Барабан үнүн укканда, Баатырлар чыкты чекелеп, Бактыбайды сенделтип, Жетелеп чыкты Медербек. Ак калпак кыргыз алаштан, Төрт баатыр өлүп санаадар, Бактыбай болду жарадар. Муну мындай таштайлы, Кызыл кыргын согушта, Козубек баштуу карттардын, Өлгөнүнөн баштайлы.