Текши тоодогу кызыл кыргын
Бекбачанын айбатын, Көрүп турган көп Таңгыт, Көзүнөн жашы төгүлдү, Санаасы сан кыйал миң, Кандай дээрин биле албай, Мойнуна алып өлүмдү, Кырк балбаны кыжырап, Кырка туруп быжырап, Таранчыдай кожурап: — Тиги турган кыргыздан, Каражан кантип кутулат? Өтүп кеткен күндөрдө, Катар кирип кыркыбыз, Катар аттан куладык, Күүсү менен баатырдын, Кыйган талдай суладык, Ошол бойдон келбесек, Билбейт эле Бекбача, Кокүн эрге ишенип, Минтип бүгүн куурадык! Кайран жанды кыйдык — деп, Кара жер болуп тындык – деп, Асыл жанды кыйдык – деп, Ажырап элден тындык — деп, Чуулдашып турушту. Ошол кезде Бекбача, Тору атты кайта бурушу, Аттын башын бурганда, Каралдысы Конушбай, Жетип келип кашына, Саламдашып кашкайып, Күлүп туруп айтканы: — Тегиз тоо мага жер болуп, Ушул элге эл болуп, Мен турганы, жолборсум, Ашып калды төрт жылдан. Уругу Таңгыт элинде, Жалгыз менмин дээр эле, Мен көргөндө бул элде, Айтса-айтпаса эр эле, Азыр өлүп ал жатты, Азыраак сабыр кылалы, Арз айтып келет эми эле. Конушбайдын кебине, Бекбача карап турабы, Барган сайын алчактап, Алдына минген бууданы, Бастырып жолго киргенде, Батак деген бар экен, Таңгыттардын элинде, Аттан түшүп бүгүлүп, Талпалактап жүгүрүп, Кан жыттанып мурдуна, Энтелеңтеп күйүгүп, Бекбачага жакындап, Жата калып жер жыттап: — Кызыл чаар жолборсум, Кырааным сизге жол болсун, Кыйа карап катышган, Эми билдим оңбосун. Кыркыбызды эсен-сак, Койо бердиң баргын, деп, Кокүн айдап биздерди, Алып келди жүргүн деп, Кошо келдик кубанып, Көкүн жеңип берет, деп,
Өлүп жатты тигине, Болбой келип дердеңдеп. Чапсаңыз мына мойнубуз, Кол куушуруп алдыңда, Боорубузда колубуз. Мына мындай кылсак деп, Бул жерде турган элдерде, Айтууга келбейт оозубуз. Кетирсеңиз жаналы, Уккан-көргөн бар ишти, Ламага айтып баралы, Арбагыңды жолборсум Жашырып кантип калалы. Өлтүрүп койсоң биздерди, Өлүптүр деп күйүнбөйт, Өксөп ыйлап барсак биз, Өлбөй аман келди деп, Кабагын ачып сүйүнбөйт. Кокүн өлдү дегенде, Мууну кетет шалдырап, Кеп кылалбай кыйлага, Тиктеп калат жалдырап, Ачууланса биздерди, Кайта айдайт калдырап, Келбей койор айла жок, Келебиз кайра жалдырап, Кокүнгө айткан кебиңди, Койбой баарын укканда, Акыл ойлоп табалса, Алдыңа киши жиберет. Кыргыздын малын жый десе, Алгандар келет жетелеп, Төлүн кошуп бер десе, Толтурат санын тотолоп. Жыйнап берсе алганын, Жибип көөнүң агарат, Башы бүтүн боору эсен, Ламабыз аман калалат. Кара таандай кол айдап, Алдыңа келсе сабалап, Өлбөй кантип тим калат? Батак айтып бар кебин, Бардап көзүн жаштады, Жамап-жалгап айтпады, Жашырбай чынын айтканы. Кеп чынынан бузулбайт, Батактан угуп бар кепти, Бекбача айтып жатканы: — Сенин атың Батакбы? Байатан айттың канчаны, Кырк миң аскер, кырк балбан, Элебеймин анчаны. Ламага айтып баргыла, Койо берди Барчаңы. Кокүн өлдү баш кишиң, Кыргыз деген кандай эл, Кенендигиң билгиниң. Элчилешсең элчиң кел, Чендешер болсоң ченчиң кел, Баатырың кел, балбан кел, Караң менен ханың кел, Ламаң баштап барың кел. Он беш күндөн калбай кел, Болжолдуу күнү келбесең, Утур келген кишиңди, Бүтүрөмүн ишиңди, Ойрон кылам шаарыңды, Суудай төгөм каныңды? Толуктап кел камынып, Сен кептенип Таңгыттар, Мен жүрбөймүн зарылып. Катышып келсең карпаңдап, Мен качпаймын балпаңдап, Канча келсең анча кел, Атам Манас болгон соң, Жалынбаймын жалпаңдап, Эми кандай болом деп, Эми коркпоймун талтаңдап. Он беш күнү күйөмүн, Аладырдын жеринде, Алдайгырдын белинде, Он беш күндө келбесең, Бар малыңды жыйнатам, Кыргызды карай айдатам, Талкан кылып шаарыңды, Андан кийин кыйратам, Таштан салган шаарыңды, Талкалаймын баарыңды, Кумдан салган шаарыңды, Кулатамын тамыңды, Кууратамын баарыңды. Келгис кылам жериңе, Өзүмчө келип катышып Тийбейт элем кишиге, Тийиштиңер тим жатпай, Оокатын кылып жан сактап, Өзүнчө жүргөн элдерге. Турбагыла, кеткиле, Ламаңарга жеткиле, Ажал алса жакадан, Айанбастан келгиле. Келе албасаң бетиме, Кыргыздан алган канча мал, Бир жылдык төлүн ээрчитип Айдап келип бергиле. Мындан кийин кыргызга, Катылышпай жүрүүгө, Убаданы кылгыла. Экинин бирин кылгын, — деп, Эр Бекбача айтты кеп. Кет дегенде турбастан, Чуу койушту дүбүрөп, Ламасына барышты, Кол куушуруп бүжүрөп. Көзүн жаштап отуруп, Батак кебин баштады, Бекбача менен Кокүндүн, Айтылып өткөн кептерин, Кокүн болбой коржоктоп, Кокус өлүп кеткенин, Кокүн өлүп калганда, Кырк миң аскер кырк балбан, Жүрөгү чыккан иштерин, Бекбачага жалынып. Өздөрү айткан кептерин, Бекбачанын аларга, Жамандык кылбай кеткин деп, Бар ишиңди жашырбай, Ламаңа айтып жеткин деп. Он беш күн кылып болжолдуу, Кыскартып айткан кескин кеп- “Катышпай кетем калкыма, Үч жылдык төлүн эсептеп, Бар малымды бергин –деп, Алтын-күмүш алган зар,
Асыл-түркүм буйумдар, Төөгө жүктөп кеткин” деп, Зир-зеберин калтырбай, Мактап айтып ашырбай, Ламадан коркуп жашырбай, Баарын Батак айтканы, Угуп болуп ламасы, Уруштан башын тартпады: — Ордодо бар он балбан, Мына бул турган кырк балбан, Жүз миңге толсун аскериң, Келген киши Бекбача, Жалгыз атчан жалгыз баш, Сандаган элим сен туруп, Көкө теңир урбайбы, Бир кишиден жазгансаң, Беш күндөн кийин жол алып, Ар нерсени мол алып, Аркаңардан мен барам, Бекбача өлбөй калабы, Ачууланып каргасам, Шыйкырым артык кишимин, Жолумда жок каргашам. Кыргызга кантип беремин, Кызыл тамдуу шаарымды? Жыландай чагып салайын, Кысталакка заарымды. Өлтүрбөй кармап алайын, Өзүнөн алып алтын-зар, Кененим чагып кетилткен, Кызыл тамды салайын, Айтканымды кылбасам, Лама болбой калайын! Койдой башын алайын, Коондой кардын жарайын, Андан кийин аттанып, Чакалык черчен, каргалык, Лопнурдагы кыргызды, Түп көтөрө чабайын, Котен, Жеркен,Кашкарды, Колго өткөзүп алайын, Кешмирдеги кыргызды, Орун бербей бийактан, Түндүккө сүрүп салайын, Амалсыз калсын кыргыздар, Айтканым акыл угуңар! Деп оолугуп ламасы, Башын силкип буркундап, Нары кетип шалактап, Бери болуп булактап, Опсуз жаман күүлөндү, Оозунан көбүк буркулдап, “Каргаса лама оңобу, Бекбача иши болобу? Катуу ооруйт Бекбача, Шашыла басып турбастан, Кармап алсак болбойбу”. Деп күжүлдөп он балбан, Жүз миңге толуп кыймыл жан, Кыжырашып жөнөдү. Уктагалы Бекбача, Так он эки күн болду, Конушбай байкап караса, Бутун солбуп койбоду, Аңгычакты болбоду, Аладырдын жерине, Алдагырдын белине, Кайкап аскер толгону, Конушбай көрүп күйүгүп, Буту үзүлүп кетчүдөй, Бекбачага жүгүрүп, Көптүгүнөн түрүнөн, Келгин селдей сүрүнөн, Аманат жандан түңүлүп, Шашканынан Конушбай, Бекбача деп айта албай: — Ой Кыргызбай, Кыргызбай, Аскер каптап сел кылды, Жер сойулган эл кылды, Күн тетири желдеди, Түнөрүп жаткан бул элге, Бенденин алы келеби? Үрүстөм Дастан болсо да, Муну киши жеңеби? Мындан кеткен кырк балбан, Ордодон ону кошулуп, Келе жатат жабылып, Элүү балбан, жүз миң кол, Таңгыт менен урушуп, Каткан экен биздин шор! Лопнурдагы кыргыз деп, Кылым жердин бетинде, Кыймыл эткен кыргызга, Тийет экен зардабы, Мындан киши калабы? Он беш күндөн бер жакка, Белде жатып алгынча, Кыргызга бербей кабарды! Чогулуп мында кел дебей, Же кетирип ийбей Матанды! Айтамын кимге абалды? Айнектей талаа ач белде, Көрмөк болдук Бекбача, Башка келген заманды! Уйку-соодо Бекбача, Конушпайдан кеп угуп, Кеп укканда жеме угуп, “Эми өлдүктү” бек угуп, Кырданып жатып толгонуп, Көзүн ачып ойгонуп, Ат ооздугун чыгарып, От чалдырып алсам деп, Майторуну караса, Үч күн болгон Конушпай, Бош агытып койгону, Конушбайга Бекбача, Бек ыраазы болгону. Башын өөдө көтөрдү, Күрс дегенче жөтөлдү. Бекбачадан кеп угуп, Оттоп жаткан Майтору, Жетип келди бурулуп. Лама каргап чың ооруп, Жаткан экен кыргыз деп, Кайкаган калың көп кошуун, Жакын келди чубуруп, Булут болуп сийдиги, Конушбай турду куурулуп. Ордунан туруп Бекбача, Оңолуп минди тору атка. Таңгыттардын ичинде, Моңгулдан бар бир канча, Бурутту кудай урду деп, Бөлүнүп чыкты бир жакка, Урушту ойун деп билген,