← Асылбача-Бекбача 2/2

Арадан анча өтпөдү, Атырылтып кер атты, Үч күндүк жолго жеткени, Топурак учуп тоз болуп, Тунарыктап боз болуп. Дүңгүрөгөн калың кол, Жер силкинтип козголуп, Бактыбайды көргөндө, Элкин кезде таптым, деп, Көкбөрү турат кош болуп, Оңдонуп минип атына, Көөдөнүн керип оштонуп. Келе калып Бактыбай, Кепке-сөзгө келгенче, Көкбөрү айтат ушундай: — Ой, Бактыбай, Бактыбай, Жолумдан тосуп келдиңби, Кепти угуп туралбай? Арасырттап жүргөмүн, Мен Таласыңа киргемин, Бешиктеги баланын, Кара боорун тилгемин. Катыныңды качыр деп, Кара кыргыз жакыр деп, Бирин тирүү койбодум, Кененим менен Асылды, Катары менен сойгомун, Жеткирип кабар угузуп, Жедигердин элине, Каракөздү Таласка, Хан көтөрүп койгомун. Талан кылып Таласты, Талкалатып күмбөзүн, Түптүз кылдым Манасты. Кыргыздын бири сени деп, Келайткамын мен издеп. Келерим билип Бактыбай, Кепти угуп калтырбай, Тартууга алып кулуңду, Жол тосупсуң келер деп. Муну угуп Бактыбай: — Кажылдаган сен тажик, Качан мыкты болгонсуң?! Байатан айткан кебиңди, Түшүңдө көрүп ойнопсуң, Бактыбайды жолтоолоп, Аламын деп ойлопсуң, Ажал алып жакалап, Каның тартып келипсиң, Менден өлүп сойлопсуң! Кененим алдым дегениң, Таласка барып тамтаңдап, Качып келдим дегениң. Асылды сайдым дегениң, Акылың таппай алдырап, Амалсыз айткан бир кебиң. Күмбөздү буздум дегениң, Уктабай ойлоп түш көрүп, Жөөлүп айткан кептериң. Айанбагын, айаба, Алың келсе мага сен. Тентип жүрбөй темтеңдеп, Темирбек атың таап алгын. Көзүң кыйбай жарыкты, Өлалбай жүргөн экенсиң, Өлтүрөйүн сени мен! Он эки миң аскериң, Аралжы болот дебегин, Азабың колго берейин, Атбашыга темтейип, Ажалың айдап келгениң, Батасы журтту байыткан, Падыша Кошой турган жер, Үч ата болдук бузулбай, Ойноп-күлүп турган жер, Олуйа Кошой тактасын, Олутун таап курган жер, Деп Бактыбай айтканда, Баатырсынып Көкбөрү, Кеп билемин өнөр, деп, Көйрөңсүнүп өзүнчө, Көкала атын теминип, Көтөрүп найза жөнөдү. Күүлөп найза сундурду, Күүсү кулак тундурду, Көкбөрү менен Бактыбай, Качырышып бой урду, Найзаларын кагышып, Кайта-кайта сайышып, Кер ат менен Көкала, Чыдай албай майышып, Кирпик ирмеп, көз жумбай, Бирине бири кайышып, Туулгага балта чакылдап, Көөдөндөкү чарайна, Найзанын учу такылдап, Чокмор менен салышып, Тоо жаңырып шакылдап, Бактыбай менен Көкбөрү, Аманат кара бир жанды, Кылга байлап таштады, Кыйын уруш баштады. “Качангача кыргыздан, Жеңилем” деп Көкбөрү, Өжөрлөнүп урушуп, “Төрөбүз биздин Кененим, Көп өнөрдү берди, — деп, Кайратым мындан кемби” деп, Кабызет кылып Бактыбай, Ага кылып туруштук, Түпөктүү найза, көк желек, Күч келтирип дембелеп, Амал ойлоп ар кандай, Бирине бири бу экөө, Таамай найза сайалбай, Балталашып чабышып, Чокмор менен салышып, Мындан айла табалбай, Жүрөктүн канын агызып, Кумардан чыгып каналбай, Жарактарын таштады, Ат үстүндө алышып, Эр урушун баштады. Булкуп-жулкуп тартышып, Мойунга колун артышып, Ат салышып каргытып, Оодарышып жармашып, Этектен орой кармашып, Ээр кашына орошуп, Эми алдым деп ойлошуп, Билегин сала беришип, Эрегишип, эңишип, Алалган жок бул экөө, Бирин-бир жеңишип. Тамандашып тебишип, Таноолору дердеңдеп, Колтуктарын керишип, Аттары чарчап жарышып, Кармалбай колу карышып, Ойду, кайкы урушуп, Соотторун булушуп, Бүчүлүгүн үзүшүп, Буулуп жерге түшүрүп, Билектери сойулуп, Колдо бүтүн калган жок, Жака-жеңин бүлүнүп, Тондо бүтүн калган жок, Жошологон челектей, Башта бүтүн калган жок. Жаактын каны чубуруп, Бетте бүтүн калган жок, Көгала болуп канталап, Этте бүтүн калган жок, Найза тийип жырылып, Тилик-тилик жырыйып, Көттө бүтүн калган жок. Карчыганын балык эт, Анда бүтүн калган жок. Талкаланып тарп болуп, Санда бүтүн калган жок, Чама кетип, чарк келбей, Тенде бүтүн калган жок, Чарайналар чатырап, Туулагалар жарылып, Калкандын чыгып талканы, Кийимдин чыкты далдалы. Балта, чокмор, кылычтын, Жарылбаган сырты жок, Айрылбаган мизи жок, Түйрөйбөгөн учу жок, Керекке келер бирөө жок, Темирдей ширеп кайран жан, Күйүп-бышып болду чок. Ошондой кезде Көкбөрү, Түрдүү амал ойлонот: “Качайын, — дейт, - эбин таап, Качсам мени куткарбайт, Суранайын мен мындан, Жөн көрөбү Бактыбай? Айтканың сенин жүйө деп, Жол береби Бактыбай?” Тумтак күнү түгөнүп, Амалы кетип Көкбөрү, Бактыбайды караса, Бузулган күндөй түнөрүп, Жан алуучу периште – Азирейил сүрдөнүп, Бактыбайды Көкбөрү, Байкап кебин кылалбай, Кадимкидей карпаңдап, Кайрат кылып туралбай, Нары кетип койшоңдоп, Бери кетип тойпоңдоп, Күн уйага киргенде, Көз байланган бүрүлдө, Качкан киши кутулчуу, Түнөргөн кара күүгүмдө, Асманда булут бүркөлүп, Борошолоп чүмкөнүп, Күн жамгырлап киргенде, Нары кетип акырып, Бери тартып бакырып, Темирбек деп чакырып, Бактыбайга тийчүдөй, Тайарланып качырып, Тик качырып келатып, Көмөскөгө келгенде, Көрүнбөй калды жашынып, Качып кетти Көкбөрү, Бактыбайды азгырып. Өзү жайчы Көкбөрү, Апаң-сапаң куйдуруп, Карды калың жаадырып, Аттын изин жашырып, Айкырык салып жүргөндө, Бактыбай тилин билбеген, Күн жаадырып качарын, Элине айтып билдирген. “Мен кетемин күүгүмдө, Түн бойунча жүр” деген, Күн жамгырлап киргенде, Тажиктин эли кетиптир, Тажиктердин Көкбөрү, Өзү жайчы өрт бөрү, Аркасы бүркөк, алды ачык, Элин баштап жөнөдү, Из кубалап келет, деп, Арка жагын калыңдап, Ак атанды чөгөрдү, Арбак урган чочконун, Ар амалы көбөйдү. Бактыбайдын кароолчу, Эси чыгып элеңдеп, Ары-бери сереңдеп, Бактыбай, деп бакырып, Атынан айтып чакырып, Алдастады ал байкуш. Бактыбай доошун салганы, Божомолдоп барганы, Эр Бактыбай, кароолчу Борошодо калганы, Айкын түздө туралбай, Бет алып жолго салганы, Чай кайнамча басканда, Асман ачык чайыттай, Жымыңдап жылдыз турганы. Жатып калды ал жерде, Бактыбай турду эртелеп, Таң зыркаары мезгилде, Келип жаткан кеп экен, Акмойнок деген бир белге. Дүрбү салып караса, Чыгыш жактын баары кар, Батыш жагы капкара. Кубаласа артынан, Аттын изин табалгыс, Денесинде бүтүн жок, Ат бастырып баралгыс. Мурункудай күчү жок, Жүрүгүнүң, жүрү деп, Жүрүп кетти Бактыбай, Кабызет менен келатат, Кабагын чытып, көз жумбай, Атбашы келди айлана, Көкбөрүнү эстесе, Көз жумбай калды кайгыда. Үч күн өрүүн алыптыр, “Алты шаар анжыдан, Наманген, Ташкен, Самаркан, Маа тапшырган Кененим. Андан кабар алам, — деп, Кокустан эле бүлүнсө, Чоң уйатка калам” деп, Аттанып чыкты Бактыбай, Атасындай салт менен, Алты киши котчу алып, Колуна илгир куш алып, Ээрчитип тайган ит алып. Болжогон жердин баарынан, Кабар алып абыдан. “Кашкардагы Жоодардын, Уулу Эбиш жаш эле, Койон алып элге баш эле. Андан кабар алсамбы? Эркечтам менен Кашкарлап, Тойун менен келсемби?” Ойуна алып Бактыбай, Эчтемеден кам кылбай, Дабан ашып, таш басып, Кашкардан кабар алыптыр. Эти чирип ириңдеп, Сары суу сыркып агыптыр, Дүйшөмбүгө бармакчы, Баралбастан жаныптыр, Баалап кетип денеси, Үч жыл жатып калыптыр. Мунун мындай таштайлы, Асылбача арстандын, Өлүмүнөн баштайлы.