← Асылбача-Бекбача 1/2

Көкбөрүнүн каргашасы

Кабарын ук калайык, Бетирке, Калдык, Каракөз, Бир жерде булар болду кез. Хан болгонун Бетирке, Каракөз анык биле элек, Каракөзгө хан Калдык: — Саранжанын ордуна, Бетиркени хандыкка, Муңгулдарга шайладык, Мындан ары кеп болсо, Бетиркеге саларсыз, Угуп алып Каракөз: — Андай болсо жакшы иш, Бетирке, Калдык – эки хан, Кепти менден угуңуз, Мага айтып кеңешин, Элине кетти Кызылкыз, Былк этпей үч жыл жатам, деп, Жерине кетти Кызылкыз. Саранжа менен Калдыкка, Менден кеңеш айт, деди, Эп келсе элге кептерим, Козголбой үч жыл жат, деди, Колдоочум айтты мага, дейт, Менден уксаң ушул кеп, Калдык менен Бетирке, Абдан канды кеңешке, Эки күн жатып бир жерде, Кетмек болду жер-жерге, Аңгычакты болбоду, Тажиктердин көкбөрү, Келип түштү бул жерге, Кылып келген иштерин, Көйрөңсүп айтат элдерге: Башымдан өткөн көп жумуш, Кыргыз менен кырылып, Кызык уруш кылганда, Муңгул, маңгыт – эки эл, Тоо жакалап кеттиңер, Бөксөдө калдык биз тажик, Коросон, испан элдерин, Асыл барып токтотту, Эл башкарган эрлерин, Токтоло калып азыраак, Жөнөй берди калдаңдап, Тете, Сала дегениң, Абдан сырын билем, деп, Аркасынан жүргөмүн, Алданганын кыргызга, Мен алардын билгемин, Аркасынан чаптырып, Атайын киши жибердим, “Саранжа, Калдык, мен бармын, Тете, Сала – эки хан, Кайда барат калдайып, Угуп кел” – деп жумшадым, Кепке чечен мыктыдан, Кеп айтканга шыктуудан. Кайтып келди заматта, Барган киши алардан. “Коросон, испан элибиз, Кыргын болуп кыргыздан, Сынып калды белибиз, Кыргыз менен биримтик, Бузулбаска эми биз, Бузулбаска байланган, Убадалуу кебибиз” Деп айттырып ийиптир, Кебин угуп алардын, Алдына бардым алдырап, Жакшы кепти көп айттым, Жай-жайы менен мен курап, Канчалык айтсам болбоду, Анча-мынча киши деп, Мени тегин ойлоду, Айткан кепке кирбестен, Тете, Сала сүйлөдү. Бүтүрдүм кылган ишимди, Канын ичип баш кестим, Тескери баскан кишини, Калдык менен Каракөз, Экөөң карап турасың, Саранжа кайда, көрүнбөйт? Көкбөрү сурап салганда, Карпаңдаган хан Калдык: — Биздер тоого жөлөнүп, Бөксөдө өзүң сен калдың. Не болгонду билбедик, Саранжа менен экөөбүз, Кыргызды карай жүргөнбүз, Таласка жакын барганда, Кененим менен Орунбай, Кез болуп калды талаада. Байтек чыкты жекеге, Кененимге кез болуп, Найзалашаар кездерде, Асыл келди ал жерге. Уулу Асыл келгенде, Кылчайып артын карабай, Кете берди Кененим, Байтек эрди баш кылып, Далайды асыл сойлотту, Жалгыз Асыл талаада, Түлкү куумай ойнотту, Чыдай албай мен бардым, Жан айабай арбадым, Алым келе албадым, Соотторум бузулуп, Кийер немем калбадым. Иле менен Асылдан, Соот кийип найза алып, Алты күндө келем, деп, Андан мөөнөт сурадым. Мен келгенде каарданды, Карагай найза карманды, Салгылашып Асылга, Саранжанын барганы, Барган менен Саранжа, Алы келе албады, Асылдан өлүп калганы. Каракөз барып капташып, Бул дагы өлө тас калды. Жедигердин элине, Буйрук бердим баргын деп, Ажыратып ханыңды, Аман айрып алгын деп, Жедигер эли өмдөшүп, Каракөз өлбөй кутулду, Кызылкыз салды айабай, Кыргызга арбын сыйкырды. Асылдын жолу тордолду, Саранжанын ордуна, Бетирке баштык болгону. Бетирке, Калдык жөнөдүк, Кененим жолдо жүрүптүр, Түбү менен чынарды, Сууруп алды колуна, Бир миңден ашык кишини, Бирдемде салды жолуна. Жайнап качтык жабыла, Качпай турган ал кайда? Бекерге кетип калгындай, Куру кайрат андайда, Аркасынан барганда. Өлбөй тирүү калгандар, Чогулуштук ал жайда, Алсырадык шай кетип, Таласка кайра барганга, Коросон, испан, көп тажик, Жок болдуңар караанга, Коросон менен испанды, Жоготупсуң бир жолу, Сенден акыл Көкбөрү, Сен айткандай бололу. Хан Калдыктан кеп угуп, Беттеше албай кыргызга, Качып келдик деп угуп, Баралы деп айтканга, Батына албай оолугуп, Башын салып бир далай, Акыл ойлоп, олтуруп: — Уруш баштаар убакта, Ханга сени шайладык, Кандай болсо акылды, Өзүңүздөн алалык. Айтып болуп Көкбөрү, Үшкүрүндү муңайып, Аны угуп хан Калдык: — Маа берсеңер бийликти, Мына мындай кылалык, Кызылкыздын кебине, Амал кылып туралык, Жата бербей бул жерде, Аттын башын буралык, Баш оорутпай жок ишке, Ушунубуз ылайык. Хан Каракөз, саа кеңеш, Кызылкыз менен сүйлөшүп, Тил алышка ким керек? Мен барамын дебесе, Өзү билет, ким билет. Каракөз айтат ошондо: — Барып келип алдында, Билип калдым жолдорун, Кызылкыздын кабарын, Кабар кылып силерге, Угузайын болжолун. Каракөздүн кебине, Ыраазы болуп баарысы, Мен барамын дегенге, Жай-жайына тарашты. Дүйшөмбү кетип баратып, Ойуна алды Көкбөрү: “Атбашыда Бактыбай, Эркин жатат эсирип, Эбин таап ошонун, Элин талап алайын, Эмгекти тирүү тарттырып, Малын талап алайын, Бир канатын сындырып, Жалаңгыч сары Кененим, Мен табайын амалын. Байакында көргөмүн, Баатырлыгы бар эле, Анткен менен Бактыбай, Ар бир иште чала эле” Жергенин сары талаада, Жеткире толук Кененим, Үйрөткөнүн билбеди, Атбашыны бет алып, Ат айабай жүрдү эми, Келе берсин Көкбөрү, Эл бүлүнткөн түгөнгүр, Кыргызды талап алам деп, Келатканың күмөндүр. Ат арытып, жол тартып, Атбашыга жеткени, Эми чыгат айтылып, Бактыбайдын кептери. Жалгызектин Бактыбай, Жаткан эмес жайма-жай. Атбашы, Нарын дегенде, Кочкората, Кошдөбө, Каракойун белдерге, Тетири суу Тойунга, Баары ашуунун жолуна, Кароолчусу туруучу, Аскарлуу тоонун боорунда, Бактыбайдын кароолчу, Келаткан элди көрүптүр: “Кайдан келген көп эл? – деп, Не жумуштап келди? – деп, Келе жаткан жол ача, Кимисине кирер? ” – деп, Теше тиктеп олтурду, Туманга күндү бөлөдү, Атбашы көздөй жөнөдү, Көрүп туруп кароолчу, Чечдөбө Ата кайда деп, Бактыбайга барам, деп, Оң-тескери теминип, Ойдолотуп мингенин, Олбуй-солбуй камчы уруп, Өңгүл-дөңгүл түйүлтүп, Оголе кийин келатса, Алдынан чыкты үч караан, Ат-тону бөлөк башка жан. Көмөскөнү бет алып, Көрбөй калар бекен деп, Көк өзөн жакка салганы. “Кош көрүнөт коркконго” Келе жаткан үч караан, Бактыбай өзү болучу, Кароолчунун көзүнө, Көлөкөсү, тайганы, Үч киши болуп көрүнүп, Ачык таанып Бактыбай, “Тиги биздин кароолчу, Мыкты жигит болучу, Коркунчусу бар белем Көрө салып качты” деп, Тосо чыкты жолунан, — Барасың кайда токто, — деп. Бактыбай үнүн укканда, Эсин жыйнап алыптыр, Элейип тиктеп калыптыр: — Эмне болдуң ашыгып? Бактыбай сурай салыптыр. — Баатыр төрө Бактыбай, Түгөнгүс айтам кебим бар, Келаткамын сизди деп, Деги болбой көөнүм жай. Кара тоонун белинде, Кароолдо турган жеримде, Келе жаткан көп элге, Көзүм түштү туу белде. Кай тараптан келди,деп, Кайсы жакка барат, деп, Карап турдум шашылбай. Ат башы карай жөнөдү, Айбаты бар эр көрдүм, Эл өлчөөсүн,болжолун, Он эки миңче эл көрдүм, Карбаластап,калдастап, Сени карай жөнөдүм. Келе жатып алдастап, Алдыман көрдүм үч киши, Кайгуулчу экен өлдүм, деп, Көмөскөнү самадым, Доошуңузду укканда, Көзүмдү ачып мен көрдүм, Тоодой болгон өзүңдү, Көлөкөңдү, тайганды, Үч киши деп көргөнүм, Ажалым жок экен деп, Эми кантип өлөйүн. — Калдастаган түгөнгүр, Бул көргөнүң күмөндүр? Бул көргөнүң чын болсо, Каңгайлардын Саранжа, Тажиктердин Көкбөрү, Экөөнүн бирөө жүргөндүр, Жүрү бастыр, жүрү! — деп, Келайткан жоону тосоттоп, Жүрүп кетти Бактыбай.