Каракөз жакын келгенде, Кайраты артык кабылан, Кылычын салып кынына, Үзөңгү теппей минди эле, Нардай болгон тору атка, Каскактуу найза кармады, Каракөздүн найзасын, Кагып ийип кабылан, Каңтара сайып салганы, Аңыраңдап келгенде, Аңтара сайып салганы. Хан Калдык берип жарлыкты, Жедигер эли каптады, Кабылан Асыл ошондо, Каракөзгө карабай, Каптап кирген жедигер, Канын төктү айабай, Колунда найза беш кулач, Учу менен сайбады, Сойулдан бетер койгулап, Аралап кирди аларды. Таамай тийген жан өлдү, Тагдыры бүткөн дагы өлдү Күнү-түнкү чабышта, Беш-алты миң эр өлдү, Кары өлдү, жаш өлдү, Баатыр өлдү, бош өлдү, Ага-ини тең өлдү, Улуу-кичүү дагы өлдү, Бир үйдөн келген үчөө өлдү, Колу сынып кокуйлап, Чолок болду эчени, Көзү чыгып олойуп, Сокур болду эчени, Бели үзүлүп мент болуп, Минтип жатат анчасы, Буту сынып кобо албай, Жылып жүрөт канчасы, Жедигердин элдери, Деги алы келбеди, Арка кылган кан Калдык, Асли жардам бербеди, Ар кайда качып бириндеп, Жедигер эли сенделди. Жедигер менен Асылды, Кандуу уруш майданды, Хан Калдык таштап андайды, Кызылкызды чакырып, — Арка болот сени деп, Алып келдик биз барып, Сенин ишиң укканда, Айран калам таңданып, Мыкаачы Асылбачанын, Айласы кетсин сандалып. Көп акылды таба көр, Көп сыйкырды сала көр, Топурак туман тоз кылып, Күн көрүнбөй кала көр, Күн көрүнтпөй бүркөлтүп, Кетирбей бурут чүмкөлтүп, Ар амалды саларсың, Кошуунду айдап түн катып, Мен Таласка барайын, Шаарын тартып алайын, Адыр-тоого батпаган, Малын тартып алайын, Кыйналталы карысын, Ыйлаталы барысын, Кененимди тордогун, Өзүңдү өзүң зордогун. Кененим менен Асылды, Дегеле бекер койбогун, Жолун тосуп бастырба, Мен кылайын башкача, Деп, тапшырып Калдык хан, Элин айдап жөнөдү. Топурак учуп тоз болуп, Асман ачык, күн бүркөк, Жердин бети боз болуп, Кызылкыздын айласы, Асыл эрдин көзүнө, Жедигердин элинин, Көрсөтүп койуп карасын, Топурак менен тоздуруп, Көрсөтпөйүн андан башкасын, Жедигердин элдерин, Бир чекеге бөлүптүр, Асыл шердин жолуна. Сүрөтү киши кептентип, Айбаалыны койуптур. Катар сапты аралап, Байкады бала чамалап, Кылчайып артын караса, Сабоодой болуп эл турат, Сыйкыр менен Кызылкыз, Сырдаган экен мени деп, — Айкөл атам Манас кел, Олуйа Кошой кошо кел, Алмамбет султан азыр кел, Арстан Чубак баатыр кел, Өткүр Сыргак көзүр кел, Музбурчак жан өзүң кел, Айдаркандын Көкчө кел, Сыйкырдын иши сыздатты, Азирети арбак, жардам бер, Азиз Бакай кеменгер, Атам Семей артык эр, Ак калпак кыргыз элинин, Айлакери Күлүс кел. Каракалпак түркмөндөн, Бөлүнбөй жүргөн кыргызды, Ак калпак атка кондурган, Азиз энем Каныкей, Урпактарың кысталды, Жардамың болсо кылсаңчы? Асманда учуп калкыган, Ак куу болуп жаркыган, Жүзүндө нуру балкыган, Айкөлдүн сыйлап арбагын, Так кырк жыл сактаган, Олжого түшүп күң болбой, Кайгырып башы муң болбой, Он төрт жыл Кыйаз колунда, Өзүн сүттөй сактаган, Адам эмес, периден, Акылын эч ким таппаган, Айчүрөк энем жардам бер! Деп зарланды жаш бала, Ошол кезде Бакайдын, Айчүрөккө айтканы: — Айчүрөк балам, сен турба, Карбалас учуп ылдамда, Сыйкырдын барып сырын чеч, Үч жылдык кызга ноокас бер, Жан кишиге билинбей, Ошону менен кайтып кел. Учуп келип Айчүрөк, Топуракты тоздурду, Тумандын баарын жок кылды, Периден бетер нурланды, Кызылкыздын жанына, Жакын барып турганы. — Ой, Кызчак, — деп жылмайып, Кызылкыздын чачынан, Айчүрөк энем сылады. Кызылкыздын жүрөгү, Алып-учуп дегдеди, Асили тынчтык бербеди, Жүрөгү туйлап токтобой, Оозуна дуба кирбеди, Кирдегенсип көңүлү, Кайсы экенин билбеди., Көрүнбөдү энебиз, Кулагына айтты эми: — Үмүт кылсаң жаныңан, Сен үйүңө кайт, — деди. Жай алып үч жыл жат, — деди, Хан Калдыкка жетпейсиң, Каракөзгө айт, — деди. Өзү да жок, үнү жок, Көрүнөө турган бири жок, Жүрөгү туйлап токтобой, Тура ала турган амал жок, Кызылкыздын жүрөгүн, Сууруп тартып жаткандай, Нур көрүнүп от болуп, Жалындай түшүп чок болуп, Токтоно албай Кызылкыз, Турарга дарман жок болуп, Каракөзгө жөнөдү, Ордунан учуп козголуп, Кызылкызды көргөндө, Каракөз кетти кош болуп, Кара күчкө карсылдап, Күлүп ийди оштонуп. Каракөзгө Кызылкыз: — Сага болдум бүгүн туш, Жүрөгүм туйлап токтобой, Мага болду кыйын иш, Кайыптан болду белги деп, Колдоочум бүгүн көрүнүп, Өзүмө келип болду кез, “Үмүтүң болсо жаныңан, Каракөзгө айт, — деди, Айтып койуп кайт, — деди, Козголбостон элиңде, Үйүңдө үч жыл жат”, — деди. Алыңар келсе урушуп, Амал кылып турушуп, Айла кылып көргүлө, Же болбосо ар кайда, Жер-жериңе кеткиле. Үч жылдан кийин чогулуп, Бир айласын кылалы, Айтып кебин болгуча, Сыйкыр кыздын ошондо, Өңү эчен кубулуп, Олтура калып чиренип, Тура калып чалкалап, Эки эмчеги салаңдап, Ийилип бели кайкалап, Тура албай эчен ойдолоп, Ичегиси чубалып, Чурку болгон эмедей, Эңкейип ичин карманып, Кубулуп өңү саргарып, Тура албады тынч алып. Үйүн карай бет алып, Учуп чыкты кайкактап, Мурункудай уча албай, Канатын сабап талпактап, Жыйнап алып учалбай, Көк жорудай салпактап, Кызылкыз учуп кетиптир, Жер арылып туман жок, Баатыр Асыл нетиптир? Караса жандын бири жок, Кыбыр эткен тирүү жок, Түп тутат кимге ойлоп көр, Атаңдын көрү дүйнө шок! “Туман менен жолумду, Тордогон экен сыйкырлар, Картайган атам баш болуп, Канетти экен кыргыздар?” Эми турбай ал жерде, Ат айабай жөнөдү, Таласка жете кетерге. Такыр аттын изи жок, Жоготуп кеткен Кызылкыз, Кубакай кыз, кумпай кыз, Кудай урган шумпай кыз, Азыраак чыгат кылымда, Сыйкырчыдан мындай кыз. Баскан аттын изи жок, Басып жүргөн киши жок, Барамын деп Таласка, Баатыр Асыл баратыр, Байандап айта кетели, Бер жакта далай кеп жатыр, Хан Калдык баштап калың кол, Жер тумандап кара жол, Саранжанын элине, Башчы болду Бетирке, Териге сыйбай баратат, Баш кишилик жеткенде, Кененим менен Орунбай, Учурап калды жолунан, Таласка жакын жеткенде, Калдыкка барып Бетирке, — Бул сапар жолду мага бер, Мен чыгайын жекеге, Тор этиме карк толуп, Болгон кезим – деди эле. Бетиркеге хан Калдык: — Сен барбагын, Бетирке, Саранжа өлүп хан болдуң, Саранжа тирүү кезинде, Кеңеш-кепке зар болдуң. Жеңип алсак кыргызды, Желденип барсаң элиңе, Ала барсаң соогадан, Ооруктагы бегиңе, Кадырлуу киши болосуң. Так ошондо сен элге, Дайының чыкпай каласың, Өлүп калсаң бул жерде, Хандыкты кандай кыласың, Өкүм сүрүп кимдерге? Маңгыттардын ичинде, Байтик деген бар эле, Хандык барлык Калдыкта, Баатырлык менде дээр эле. — Бетирке, Калдык – эки хан, Тетиги турган Кененим, Жекеге жалгыз мен барам, Өңү сары, көзү көк, Өмшөңдөгөн кыргыздан, Өлгөндүн канын кууп алам! Өлтүрүп башын кесемин, Ээрдинен көзөп тешемин, Эл түгөткөн канкордун, Күнөөсүн кантип кечемин?! Өткөн иштин изин кууп, Мен алайын эсебин, Бакырып Байтек жулунуп, Ажал алып жакадан, Ашыгып Байтек урунуп, Туулга кийген башына, Найза, кылыч, айбалта – Баарысы бар жанында, Айкырып жетти желигип, Кененимдин алдына. Качырып найза сайганы, Жалтанбаган Кара көк, Күүлөп сайган найзанын, Учунан улай кармады, Учу колго тийгенде, Сууруп алды найзаны, Тегеретип найзаны, Чокудан нары салганы, Айрандай мээси чачырап, Жайылып жатып калганы, Адыр деген бир маңгыт, Адыраңдап барганы, Учунан кармап найзаны, Сойул кылган Кененим, Сокмогу менен бир салды, Бир чабуудан чыгарбай, Адырдан да жан алды. Коркуп Калдык кирбеди, Мыктысынган маңгыттан, Отузу жерге киргени. Күн кечкирип ашыгып, Уйасын карап шашылып, Мезгил толгон кезинде, Бала жолборс эр Асыл, Жетип келди ал жерге. Орунбайдан бөлөкчө, Окчундап тура калганы. Ушул кезде Кененим, Сай бойлоп чыккан чынардан, Чынардан чыккан мунардан, Көкүлдөн бурдай кармады, Короо ордундай чым менен, Коморо тартып алганы, Туура кармап чынарды, Алдындагы кула атты, Сандан нары салганы, Жайнай берди көпчүлүк, Аралап кирип барганы, Чынарды булгап имерди, Бир миң сексен кишини, Ал дүйнөгө жиберди, Чынарды күүлөп алганда, Күүсү менен эчен ат, Тоголонуп жыгылып, Үстүндөгү кишинин, Топого башы тыгылып, Эңиш жерге киргени, Басырык болуп кырылып, Жайнай качып көпчүлүк, Жабыла жөнөп калганы, Майторуга камчы уруп, Асыл кирип барганы, Жандай түшүп Кененим, Баласын кармап алганы, Балага бир ооз кеп кылбай, Аркасын карап кылчайбай, Бастырып кетип калганы. Коргонду карап төтөлөп, Жолборсуң жолго салганы, Койо бер деп атымды, Атасын айта албады. Куладан түштү чойулуп, Тизесинен кара жер, Салмагынан ойулуп. Сары улагын таптырып, Жетелеп келген уулуна, Садагасын чаптырып, Сарбашыл уйду карматып, Түктүү сан кылып талатып, Бар кийимин тонотуп, Ордо баккан элдер бар, Өөдө-төмөн колбушуп, Эскисин алган эзилип, Дүнүйөгө жетинип, Чепкенин алган чечилип, Миң койлуудай эсирип, Чапанын алган чак болуп, Бүт дүйнөсү сап болуп, Курун алган кубанып, Ит дүйнөгө жубанып, Топусун алган тойунуп, Чөнтөктөн чыкпай эки кол, Араң басып чойулуп, Өтүгүн алган өрдөнүп, Бок дүйнөсү көбөйүп, Көйнөгүн алган көөнү өсүп, Көр дүйнөсү көл болуп, Байпагын алган магдырап, Баары асыл экен, деп, Байанын айтып бажырап, Кемерин алган эсирди, Шок дүйнөгө жетинди, Түлөөгө малы айдалды, Көкжал шердин күмбөзгө, Токсон субай арналды, Кошо барган киши көп, Жетелеп бирден байталды, Курмандыкка жараган, Бейиштен чыккан малы, деп, Эң алдында кой чалып, Андан кийин уй чалып, Бул дагы ача туйак, деп, Асый каймал төө чалып, Андан кала бергенде, Ак бозунан бээ чалып, Күмбөзүн тайып баатырдын, Түлөө кылып эл жанып, Кетерине калганда, Атын алып камданып, Калың элге ошондо, Кененим айтып жар салып: — Падыша кудай өзү зор, Байкасаң кыргыз, ишиң оң. Кызылкыздын сыйкыры, Кыргызды басып бараткан, Кырааным Асыл баламды, Жандан тойуп жараткан, Кара белдин кайкаңда, Алды керүү тайпаңда, Карап турсам Асылды, Ак куу болуп кубулуп, Канатын күүлөп бой уруп, Айчүрөк энем бараткан, Кылып көнгөн өнөрүн, Каадасындай карматкан, Канатынын күүсүнөн, Кара туман тарашкан, Бир көрүнсө көзүнө, Кызылкыз эстен адашкан, Каракөзгө Кызылкыз, Канча түркүм кеп айткан, Бетирке менен Калдыкка, Каракөз айтып жетпейби, Намысы жок адамдар Жай-жайына жетпейби, Баары тарап кетпейби. Колдоочум айтты мага, деп, Кызылкыз үч жыл жатпайбы, Толтуруп үч жыл убагын, Чогулушуп баспайбы, Дүмүрүн уулум казбайбы, Качкан жоону кубалап, Катын алат аны деп, Антип жүрүш кандай кеп? Тилимди алып, кыргыздар, Аркасынан барба, — деп, Кененим сөзүн айтканы, Жай алып кыргыз жатканы. Муну мындай таштайлы, Көкбөрү салган кыргызга, Каргашадан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача». Элдик эпос. Басмага даярдаган Толкун Турду. Булак: bizdin.kg.