Көкбөрүнүн каргашасы
Кабарын ук калайык, Бетирке, Калдык, Каракөз, Бир жерде булар болду кез. Хан болгонун Бетирке, Каракөз анык биле элек, Каракөзгө хан Калдык: — Саранжанын ордуна, Бетиркени хандыкка, Муңгулдарга шайладык, Мындан ары кеп болсо, Бетиркеге саларсыз, Угуп алып Каракөз: — Андай болсо жакшы иш, Бетирке, Калдык – эки хан, Кепти менден угуңуз, Мага айтып кеңешин, Элине кетти Кызылкыз, Былк этпей үч жыл жатам, деп, Жерине кетти Кызылкыз. Саранжа менен Калдыкка, Менден кеңеш айт, деди, Эп келсе элге кептерим, Козголбой үч жыл жат, деди, Колдоочум айтты мага, дейт, Менден уксаң ушул кеп, Калдык менен Бетирке, Абдан канды кеңешке, Эки күн жатып бир жерде, Кетмек болду жер-жерге, Аңгычакты болбоду, Тажиктердин көкбөрү, Келип түштү бул жерге, Кылып келген иштерин, Көйрөңсүп айтат элдерге: Башымдан өткөн көп жумуш, Кыргыз менен кырылып, Кызык уруш кылганда, Муңгул, маңгыт – эки эл, Тоо жакалап кеттиңер, Бөксөдө калдык биз тажик, Коросон, испан элдерин, Асыл барып токтотту, Эл башкарган эрлерин, Токтоло калып азыраак, Жөнөй берди калдаңдап, Тете, Сала дегениң, Абдан сырын билем, деп, Аркасынан жүргөмүн, Алданганын кыргызга, Мен алардын билгемин, Аркасынан чаптырып, Атайын киши жибердим, “Саранжа, Калдык, мен бармын, Тете, Сала – эки хан, Кайда барат калдайып, Угуп кел” – деп жумшадым, Кепке чечен мыктыдан, Кеп айтканга шыктуудан. Кайтып келди заматта, Барган киши алардан. “Коросон, испан элибиз, Кыргын болуп кыргыздан, Сынып калды белибиз, Кыргыз менен биримтик, Бузулбаска эми биз, Бузулбаска байланган, Убадалуу кебибиз” Деп айттырып ийиптир, Кебин угуп алардын, Алдына бардым алдырап, Жакшы кепти көп айттым, Жай-жайы менен мен курап, Канчалык айтсам болбоду, Анча-мынча киши деп, Мени тегин ойлоду, Айткан кепке кирбестен, Тете, Сала сүйлөдү. Бүтүрдүм кылган ишимди, Канын ичип баш кестим, Тескери баскан кишини, Калдык менен Каракөз, Экөөң карап турасың, Саранжа кайда, көрүнбөйт? Көкбөрү сурап салганда, Карпаңдаган хан Калдык: — Биздер тоого жөлөнүп, Бөксөдө өзүң сен калдың. Не болгонду билбедик, Саранжа менен экөөбүз, Кыргызды карай жүргөнбүз, Таласка жакын барганда, Кененим менен Орунбай, Кез болуп калды талаада. Байтек чыкты жекеге, Кененимге кез болуп, Найзалашаар кездерде, Асыл келди ал жерге. Уулу Асыл келгенде, Кылчайып артын карабай, Кете берди Кененим, Байтек эрди баш кылып, Далайды асыл сойлотту, Жалгыз Асыл талаада, Түлкү куумай ойнотту, Чыдай албай мен бардым, Жан айабай арбадым, Алым келе албадым, Соотторум бузулуп, Кийер немем калбадым. Иле менен Асылдан, Соот кийип найза алып, Алты күндө келем, деп, Андан мөөнөт сурадым. Мен келгенде каарданды, Карагай найза карманды, Салгылашып Асылга, Саранжанын барганы, Барган менен Саранжа, Алы келе албады, Асылдан өлүп калганы. Каракөз барып капташып, Бул дагы өлө тас калды. Жедигердин элине, Буйрук бердим баргын деп, Ажыратып ханыңды, Аман айрып алгын деп, Жедигер эли өмдөшүп, Каракөз өлбөй кутулду, Кызылкыз салды айабай, Кыргызга арбын сыйкырды. Асылдын жолу тордолду, Саранжанын ордуна, Бетирке баштык болгону. Бетирке, Калдык жөнөдүк, Кененим жолдо жүрүптүр, Түбү менен чынарды, Сууруп алды колуна, Бир миңден ашык кишини, Бирдемде салды жолуна. Жайнап качтык жабыла, Качпай турган ал кайда? Бекерге кетип калгындай, Куру кайрат андайда, Аркасынан барганда. Өлбөй тирүү калгандар, Чогулуштук ал жайда, Алсырадык шай кетип, Таласка кайра барганга, Коросон, испан, көп тажик, Жок болдуңар караанга, Коросон менен испанды, Жоготупсуң бир жолу, Сенден акыл Көкбөрү, Сен айткандай бололу. Хан Калдыктан кеп угуп, Беттеше албай кыргызга, Качып келдик деп угуп, Баралы деп айтканга, Батына албай оолугуп, Башын салып бир далай, Акыл ойлоп, олтуруп: — Уруш баштаар убакта, Ханга сени шайладык, Кандай болсо акылды, Өзүңүздөн алалык. Айтып болуп Көкбөрү, Үшкүрүндү муңайып, Аны угуп хан Калдык: — Маа берсеңер бийликти, Мына мындай кылалык, Кызылкыздын кебине, Амал кылып туралык, Жата бербей бул жерде, Аттын башын буралык, Баш оорутпай жок ишке, Ушунубуз ылайык. Хан Каракөз, саа кеңеш, Кызылкыз менен сүйлөшүп, Тил алышка ким керек? Мен барамын дебесе, Өзү билет, ким билет. Каракөз айтат ошондо: — Барып келип алдында, Билип калдым жолдорун, Кызылкыздын кабарын, Кабар кылып силерге, Угузайын болжолун. Каракөздүн кебине, Ыраазы болуп баарысы, Мен барамын дегенге, Жай-жайына тарашты. Дүйшөмбү кетип баратып, Ойуна алды Көкбөрү: “Атбашыда Бактыбай, Эркин жатат эсирип, Эбин таап ошонун, Элин талап алайын, Эмгекти тирүү тарттырып, Малын талап алайын, Бир канатын сындырып, Жалаңгыч сары Кененим, Мен табайын амалын. Байакында көргөмүн, Баатырлыгы бар эле, Анткен менен Бактыбай, Ар бир иште чала эле” Жергенин сары талаада, Жеткире толук Кененим, Үйрөткөнүн билбеди, Атбашыны бет алып, Ат айабай жүрдү эми, Келе берсин Көкбөрү, Эл бүлүнткөн түгөнгүр, Кыргызды талап алам деп, Келатканың күмөндүр. Ат арытып, жол тартып, Атбашыга жеткени, Эми чыгат айтылып, Бактыбайдын кептери. Жалгызектин Бактыбай, Жаткан эмес жайма-жай. Атбашы, Нарын дегенде, Кочкората, Кошдөбө, Каракойун белдерге, Тетири суу Тойунга, Баары ашуунун жолуна, Кароолчусу туруучу, Аскарлуу тоонун боорунда, Бактыбайдын кароолчу, Келаткан элди көрүптүр: “Кайдан келген көп эл? – деп, Не жумуштап келди? – деп, Келе жаткан жол ача, Кимисине кирер? ” – деп, Теше тиктеп олтурду, Туманга күндү бөлөдү, Атбашы көздөй жөнөдү, Көрүп туруп кароолчу, Чечдөбө Ата кайда деп, Бактыбайга барам, деп, Оң-тескери теминип, Ойдолотуп мингенин, Олбуй-солбуй камчы уруп, Өңгүл-дөңгүл түйүлтүп, Оголе кийин келатса, Алдынан чыкты үч караан, Ат-тону бөлөк башка жан. Көмөскөнү бет алып, Көрбөй калар бекен деп, Көк өзөн жакка салганы. “Кош көрүнөт коркконго” Келе жаткан үч караан, Бактыбай өзү болучу, Кароолчунун көзүнө, Көлөкөсү, тайганы, Үч киши болуп көрүнүп, Ачык таанып Бактыбай, “Тиги биздин кароолчу, Мыкты жигит болучу, Коркунчусу бар белем Көрө салып качты” деп, Тосо чыкты жолунан, — Барасың кайда токто, — деп. Бактыбай үнүн укканда, Эсин жыйнап алыптыр, Элейип тиктеп калыптыр: — Эмне болдуң ашыгып? Бактыбай сурай салыптыр. — Баатыр төрө Бактыбай, Түгөнгүс айтам кебим бар, Келаткамын сизди деп, Деги болбой көөнүм жай. Кара тоонун белинде, Кароолдо турган жеримде, Келе жаткан көп элге, Көзүм түштү туу белде. Кай тараптан келди,деп, Кайсы жакка барат, деп, Карап турдум шашылбай. Ат башы карай жөнөдү, Айбаты бар эр көрдүм, Эл өлчөөсүн,болжолун, Он эки миңче эл көрдүм, Карбаластап,калдастап, Сени карай жөнөдүм. Келе жатып алдастап, Алдыман көрдүм үч киши, Кайгуулчу экен өлдүм, деп, Көмөскөнү самадым, Доошуңузду укканда, Көзүмдү ачып мен көрдүм, Тоодой болгон өзүңдү, Көлөкөңдү, тайганды, Үч киши деп көргөнүм, Ажалым жок экен деп, Эми кантип өлөйүн. — Калдастаган түгөнгүр, Бул көргөнүң күмөндүр? Бул көргөнүң чын болсо, Каңгайлардын Саранжа, Тажиктердин Көкбөрү, Экөөнүн бирөө жүргөндүр, Жүрү бастыр, жүрү! — деп, Келайткан жоону тосоттоп, Жүрүп кетти Бактыбай. Арадан анча өтпөдү, Атырылтып кер атты, Үч күндүк жолго жеткени, Топурак учуп тоз болуп, Тунарыктап боз болуп. Дүңгүрөгөн калың кол, Жер силкинтип козголуп, Бактыбайды көргөндө, Элкин кезде таптым, деп, Көкбөрү турат кош болуп, Оңдонуп минип атына, Көөдөнүн керип оштонуп. Келе калып Бактыбай, Кепке-сөзгө келгенче, Көкбөрү айтат ушундай: — Ой, Бактыбай, Бактыбай, Жолумдан тосуп келдиңби, Кепти угуп туралбай? Арасырттап жүргөмүн, Мен Таласыңа киргемин, Бешиктеги баланын, Кара боорун тилгемин. Катыныңды качыр деп, Кара кыргыз жакыр деп, Бирин тирүү койбодум, Кененим менен Асылды, Катары менен сойгомун, Жеткирип кабар угузуп, Жедигердин элине, Каракөздү Таласка, Хан көтөрүп койгомун. Талан кылып Таласты, Талкалатып күмбөзүн, Түптүз кылдым Манасты. Кыргыздын бири сени деп, Келайткамын мен издеп. Келерим билип Бактыбай, Кепти угуп калтырбай, Тартууга алып кулуңду, Жол тосупсуң келер деп. Муну угуп Бактыбай: — Кажылдаган сен тажик, Качан мыкты болгонсуң?! Байатан айткан кебиңди, Түшүңдө көрүп ойнопсуң, Бактыбайды жолтоолоп, Аламын деп ойлопсуң, Ажал алып жакалап, Каның тартып келипсиң, Менден өлүп сойлопсуң! Кененим алдым дегениң, Таласка барып тамтаңдап, Качып келдим дегениң. Асылды сайдым дегениң, Акылың таппай алдырап, Амалсыз айткан бир кебиң. Күмбөздү буздум дегениң, Уктабай ойлоп түш көрүп, Жөөлүп айткан кептериң. Айанбагын, айаба, Алың келсе мага сен. Тентип жүрбөй темтеңдеп, Темирбек атың таап алгын. Көзүң кыйбай жарыкты, Өлалбай жүргөн экенсиң, Өлтүрөйүн сени мен! Он эки миң аскериң, Аралжы болот дебегин, Азабың колго берейин, Атбашыга темтейип, Ажалың айдап келгениң, Батасы журтту байыткан, Падыша Кошой турган жер, Үч ата болдук бузулбай, Ойноп-күлүп турган жер, Олуйа Кошой тактасын, Олутун таап курган жер, Деп Бактыбай айтканда, Баатырсынып Көкбөрү, Кеп билемин өнөр, деп, Көйрөңсүнүп өзүнчө, Көкала атын теминип, Көтөрүп найза жөнөдү. Күүлөп найза сундурду, Күүсү кулак тундурду, Көкбөрү менен Бактыбай, Качырышып бой урду, Найзаларын кагышып, Кайта-кайта сайышып, Кер ат менен Көкала, Чыдай албай майышып, Кирпик ирмеп, көз жумбай, Бирине бири кайышып, Туулгага балта чакылдап, Көөдөндөкү чарайна, Найзанын учу такылдап, Чокмор менен салышып, Тоо жаңырып шакылдап, Бактыбай менен Көкбөрү, Аманат кара бир жанды, Кылга байлап таштады, Кыйын уруш баштады. “Качангача кыргыздан, Жеңилем” деп Көкбөрү, Өжөрлөнүп урушуп, “Төрөбүз биздин Кененим, Көп өнөрдү берди, — деп, Кайратым мындан кемби” деп, Кабызет кылып Бактыбай, Ага кылып туруштук, Түпөктүү найза, көк желек, Күч келтирип дембелеп, Амал ойлоп ар кандай, Бирине бири бу экөө, Таамай найза сайалбай, Балталашып чабышып, Чокмор менен салышып, Мындан айла табалбай, Жүрөктүн канын агызып, Кумардан чыгып каналбай, Жарактарын таштады, Ат үстүндө алышып, Эр урушун баштады. Булкуп-жулкуп тартышып, Мойунга колун артышып, Ат салышып каргытып, Оодарышып жармашып, Этектен орой кармашып, Ээр кашына орошуп, Эми алдым деп ойлошуп, Билегин сала беришип, Эрегишип, эңишип, Алалган жок бул экөө, Бирин-бир жеңишип. Тамандашып тебишип, Таноолору дердеңдеп, Колтуктарын керишип, Аттары чарчап жарышып, Кармалбай колу карышып, Ойду, кайкы урушуп, Соотторун булушуп, Бүчүлүгүн үзүшүп, Буулуп жерге түшүрүп, Билектери сойулуп, Колдо бүтүн калган жок, Жака-жеңин бүлүнүп, Тондо бүтүн калган жок, Жошологон челектей, Башта бүтүн калган жок. Жаактын каны чубуруп, Бетте бүтүн калган жок, Көгала болуп канталап, Этте бүтүн калган жок, Найза тийип жырылып, Тилик-тилик жырыйып, Көттө бүтүн калган жок. Карчыганын балык эт, Анда бүтүн калган жок. Талкаланып тарп болуп, Санда бүтүн калган жок, Чама кетип, чарк келбей, Тенде бүтүн калган жок, Чарайналар чатырап, Туулагалар жарылып, Калкандын чыгып талканы, Кийимдин чыкты далдалы. Балта, чокмор, кылычтын, Жарылбаган сырты жок, Айрылбаган мизи жок, Түйрөйбөгөн учу жок, Керекке келер бирөө жок, Темирдей ширеп кайран жан, Күйүп-бышып болду чок. Ошондой кезде Көкбөрү, Түрдүү амал ойлонот: “Качайын, — дейт, - эбин таап, Качсам мени куткарбайт, Суранайын мен мындан, Жөн көрөбү Бактыбай? Айтканың сенин жүйө деп, Жол береби Бактыбай?” Тумтак күнү түгөнүп, Амалы кетип Көкбөрү, Бактыбайды караса, Бузулган күндөй түнөрүп, Жан алуучу периште – Азирейил сүрдөнүп, Бактыбайды Көкбөрү, Байкап кебин кылалбай, Кадимкидей карпаңдап, Кайрат кылып туралбай, Нары кетип койшоңдоп, Бери кетип тойпоңдоп, Күн уйага киргенде, Көз байланган бүрүлдө, Качкан киши кутулчуу, Түнөргөн кара күүгүмдө, Асманда булут бүркөлүп, Борошолоп чүмкөнүп, Күн жамгырлап киргенде, Нары кетип акырып, Бери тартып бакырып, Темирбек деп чакырып, Бактыбайга тийчүдөй, Тайарланып качырып, Тик качырып келатып, Көмөскөгө келгенде, Көрүнбөй калды жашынып, Качып кетти Көкбөрү, Бактыбайды азгырып. Өзү жайчы Көкбөрү, Апаң-сапаң куйдуруп, Карды калың жаадырып, Аттын изин жашырып, Айкырык салып жүргөндө, Бактыбай тилин билбеген, Күн жаадырып качарын, Элине айтып билдирген. “Мен кетемин күүгүмдө, Түн бойунча жүр” деген, Күн жамгырлап киргенде, Тажиктин эли кетиптир, Тажиктердин Көкбөрү, Өзү жайчы өрт бөрү, Аркасы бүркөк, алды ачык, Элин баштап жөнөдү, Из кубалап келет, деп, Арка жагын калыңдап, Ак атанды чөгөрдү, Арбак урган чочконун, Ар амалы көбөйдү. Бактыбайдын кароолчу, Эси чыгып элеңдеп, Ары-бери сереңдеп, Бактыбай, деп бакырып, Атынан айтып чакырып, Алдастады ал байкуш. Бактыбай доошун салганы, Божомолдоп барганы, Эр Бактыбай, кароолчу Борошодо калганы, Айкын түздө туралбай, Бет алып жолго салганы, Чай кайнамча басканда, Асман ачык чайыттай, Жымыңдап жылдыз турганы. Жатып калды ал жерде, Бактыбай турду эртелеп, Таң зыркаары мезгилде, Келип жаткан кеп экен, Акмойнок деген бир белге. Дүрбү салып караса, Чыгыш жактын баары кар, Батыш жагы капкара. Кубаласа артынан, Аттын изин табалгыс, Денесинде бүтүн жок, Ат бастырып баралгыс. Мурункудай күчү жок, Жүрүгүнүң, жүрү деп, Жүрүп кетти Бактыбай, Кабызет менен келатат, Кабагын чытып, көз жумбай, Атбашы келди айлана, Көкбөрүнү эстесе, Көз жумбай калды кайгыда. Үч күн өрүүн алыптыр, “Алты шаар анжыдан, Наманген, Ташкен, Самаркан, Маа тапшырган Кененим. Андан кабар алам, — деп, Кокустан эле бүлүнсө, Чоң уйатка калам” деп, Аттанып чыкты Бактыбай, Атасындай салт менен, Алты киши котчу алып, Колуна илгир куш алып, Ээрчитип тайган ит алып. Болжогон жердин баарынан, Кабар алып абыдан. “Кашкардагы Жоодардын, Уулу Эбиш жаш эле, Койон алып элге баш эле. Андан кабар алсамбы? Эркечтам менен Кашкарлап, Тойун менен келсемби?” Ойуна алып Бактыбай, Эчтемеден кам кылбай, Дабан ашып, таш басып, Кашкардан кабар алыптыр. Эти чирип ириңдеп, Сары суу сыркып агыптыр, Дүйшөмбүгө бармакчы, Баралбастан жаныптыр, Баалап кетип денеси, Үч жыл жатып калыптыр. Мунун мындай таштайлы, Асылбача арстандын, Өлүмүнөн баштайлы.