өөн1

китептерде 16 жолу, 8 китепте өөн 2 →
  1. Кийизден, териден, кездемеден, темирден ж.б. кесилип ташталган майда-чүйдө кесиндилер.
  2. өт. Жетишпегендик, кемчилдик.
  3. өт. Жагымсыз, өзүнө тартпаган, жат, эрөөн, комсоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өз бойуна ишенип, / Орду менен кыргызды, / Жоготом деген кеп экен, / Эч өөнү жок мүчөсү, / Телегейи тел экен, / Көрүнүп турат белгилүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Ханга жагып кетти – деп, / Билди кеңеш кепти” – деп, / Аз сандуу ордо адамы, / Ичтери көөп тарсайды, / Көрүнөө алы келе албай, / Көргөзүп кастык кыла албай, / Эч жеринен ойлонуп, / Кенедей өөн таба албай, / Намысты таштап ыргытып, / Жалаа жабат уйалбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бүткөн бойдо өөнү жок, / Сөөгү сонун залкайып, / Келбети сонун пендеден, / Жаралып жерге бир келди, / Экинчи кайра келбеген, / Астынан чыкты Семеңдин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
арттырып, / Комдолуу нарча төө менен, / Ээрчитип кулун бээ минген, / Унаасы жок жөө жүргөн, / Тайагы бар жөө менен, / Уй айдамак, кой алмак, / Жөлөнбөй боорго өөн менен, / Жылкы айдамак канчасы, / Четинден алган укурук, / Кыргызды чаап алгандай, / Кынына баптай кутуруп, / Калдуубет биздин баатыр, деп, / Катышкан өлүп жат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Качан да болсо кементайынын ичиндеги жеңи чолок жамаачылуу кара күрмөсүнүн бир чөнтөгүндө ар түрдүү курак жип, кийимдин өөндөрү жүрүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →