өңөр2

китептерде 108 жолу, 10 китепте өңөр 1 →
  1. Атка, өгүзгө же башка унааларга мингенде баланы же башка бир нерсени астына алган абалда алып жүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…гүн ойго түшүрүп, / Лопнурга койсом белем, — деп, / Аманат койуп бул кумга, / Каңгайга барып келгинче, / Таанылбай калат Чакмакташ, / Элдин көөнү ооруур деп, / Өңөрүп алып жөнөдү, / Майтору кайдан жооруур», — деп, / Лопнурдун бойу Акшордо, / Турган экен Кетиркей, / Эли менен Дүркүрөп, / Эштектин эли бүт калбай, / Чакмакташты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алыстан келген жаш арстан, / Аппак темир болоттон, / Алты айлантып курчанып, / Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч белде шыңгырап, / Кыргызд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Башына туулга көмөргүн, / Сом темирин өңөргөн, / Далыга калкан жамынган, / Белине темир курчанган, / Беттеп кирсе майданга, / Чыгарчуудай күм талкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Абаң Бакай карынын, / Алдына барып суранып, / Аттанып кутуң жөнөдү, / Бөрү тилме, өткүр курч, / Көк найзасын өңөрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…пталга салып жарышып, / Өргө салып өкүрүп, / Эңишке салып көгөрүп, / Бирин-бири ала албай, / Ат үстүнөн көмөрүп, / Колунан келсе кеткиси бар, / Сундуйтуп туура өңөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →