өңүт
- Билгизбей туруп кол салууга, көз жүгүртүүгө, өңүп барууга ыңгайлуу мерчемдүү жер, аңдып туруучу жай.
- Ыңгайлуу учур, ыңгайлуу шарт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жашырып өзүн өңүткө / Көкчө көз калды туу белде, / Арстан келе жаткан жак, / Азыраак коргул таш эле, / Ысыккөл жаккы тарабы, / Жаткан жайык талаа эле, / Жарылып оозу кетет деп, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өңүт алып куу Толтой, / Көлөкө менен жарыктын, / Ортосунда келатат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →