өңүр
- Кийимдин көкүрөктөн этекке чейинки тилкеси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…е Каракөз, / Сыйбай калды дардаңдап, / Эми эле жетип Таласка, / Ээ болуп калгандай, / Кетип барат салбаңдап, / Өпкөсү батпай көөдөнгө, / Таноолору барбаңдап, / Өңүрүн жыйнап ала албай, / Этектери далбаңдап, / Өпкөлөтө теминип, / Эки буту салбаңдап, / Элине жетип эс алып, / Кеңештеш болгон бегине, / Барганынан кеп салып: / — …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Запыра барат калдаңдап, / Өзүнүн бойун жыйнабай, / Өңүрү кетти далбаңдап, / Калаага жакын барганда, / Тай жарышым калганда, / Дабытайдын элинен, / Иш башкарган биринен: / — Эки күн болду Дабытай, / Биздин элде жок бо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Коңурбай, / Алгарага ишенип, / Итжүрбөс чөлдү бет алып, / Эр Манасты четке алып, / Ой менен дөңдү ылгабай, / Өзүнүн бойун жыйнабай, / Качып берди калдаңдап, / Өңүрү кетти далбаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кандуу жаш көздөн чубуруп, / Өңүрү ылдый куйулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Аны тинтип жатканда чапанынын эки жак өңүрүн эки колу менен далдайтып өзү кармап турду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →