өңчөй

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Өңкөй, жалаң, чылк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…мге, / Алматынын токойго, / Салып кирип келди эле, / Буудайык хандын Музбурчак, / Ителгисин куу-куулап, / Ит агытып, куш салып, / Калдайтып бүркүт кошо алып, / Өңчөй баатыр уландар, / Үч жүзчө жигит котчу алып, / Жүргөн экен токойдо, / Калгандар калды элебей, / Көрүп калды Музбурчак, / Ажыбай келет ченебей, / Ажыңдын көрүп … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каары катуу сүрдүү адам, / Өңчөй өкүм мингени, / Абдан сурап билбедик, / Бул жердик эмес түрлөрү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Өңчөй моңгул чогулуп, / Ушул турган чогулуш, / Калдуубетти келет, деп, / Карап турат чогулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Жаңкынын жөнү мындай экен: Мындан бир нече күн мурун Жылуу булактын оюнда өңчөй зөөкүрлөр бозо ичип отуруп мастыктан чатак чыгат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кыз буга да ишенбей өңчөй эркектерди жарыштырып сынаймын, "кыз болсо - этегин кымтырынып жүгүрөт, эгерде эркек болсо - кымтырынбай жүгүрөт" дейт да, Карчыганы жарышкын дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →