өңдөн
- Окшоо, сыяктануу.
- Өңүнө чыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошентип Торгой турганда, / Обу жок Отор чоң капыр, / Күүлөгөнө найза сундуруп, / Күүгүм туман көздөнүп, / Күңүрт сүйлөп тил келбей, / Бурулуп кеткен өңдөнүп, / Жамгырда келген сел өңдүү, / Өркөчтөнүп түрдөнүп, / Ого бетер Торгой кыз, / Жалдырап-жайнап дени өлүп: / “Беттешин көрбөй баатырдын, / Мен кетпедим не өлүп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…тчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Кара бойу бүт темир, / Күн чагылып жалтылдап, / Айбаты элди коркутуп, / Тармалкөк менен булкунтуп, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кутубай ага Таластан, / Жети суу барып кул болду, / Жакшы –жаман күндөрдө, / Силер менен бир болду, / Бирге барып бир келди, / Бул өңдөнүп ким келди?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Үзүлө турган өңдөнүп, / Козголбой жерде таш калды / Бар кайратын күч кылган, / Күч кылбаса не кылган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Үйлөрдү жайына таштап, кийизмийиз өңдөнгөн гана бирдемелерди көтөрө келгенбиз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →