өңгө
- Башка, бөлөк, өзгө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыттардын хан Калдык, / Кабагы калың өзү саз, / Өңгө киши турмайлык, / Бир курсактан туулган, / Жатындашка сыр айтпас, / Булардын жетип түбүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Коркпогондо неткени, / Угулуп турду өңгө элге, / Мунун кобурап айткан кептери.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Улай чаап ошондо - / Ойон Алмаң өнгөнү, / Кызылсур – минген атынан, / Көмө койуп өткөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бутуна кийген көк жеке, / Өңгө элден эрекче.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Өңгөдөн да ушул болуш акемдин атын мингени эмине жакшылык, ырымың кургур?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →