өңгүрө
- Катуу озондоп үн чыгаруу, ыйлоо.
- Катуу үн чыгарып мөөрөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Найзасы колдо солкулдап, / Бекбача турду өңгүрөп, / Шашып ыйлап солкулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тууралап айтса Медеркан, / Ого бетер Мөңкөтай, / «Какшып айтып жатат, — деп, / Акчыланып бу казак, / Жүрөккө канжар батат, — деп, / Менин ошондо шорум катат» — деп, / Ачкан оозун жумалбай, / Айдан ачык тунук сөз, / Ашкере муну угалбай, / Өңгүрөп ыйлап жиберди, / Көзүнүн жашын тыйалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көз жашы кылып Запыра, / Өңгүрөк атып бакырып: / — Кайраты артык баатыр сен, / Билгенимди айтам мен, / Келээр маалы болду деп, / Жолуңду тосуп жүргөмүн, / Дабытай келип бул жерге, / Бузук салды тынч элге, / Жаңы хан экөө сүйлөшүп, / Жиберген киши сиздерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
— деп, / Айтып жатып Татанга, / Ыйлап ийди өңгүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Ошенткенде Беккул сокбилекти ыргытып жиберип, өңүн бузуп, эшикти көздөй өңгүрөп жөнөй берди эле:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →