өч2
- Күйүп турган от, жанып турган шам, жарык ж. б. күйүүдөн, жарык берүүдөн токтолуу.
- Өңү, түсү мурдагыдай болбой азуу, оңо баштоо, бир нерсенин бетине түшкөн из, так, жазуу ж. б. эскирип, сүрүлүп жок болуу, билинбей калуу.
- өт. Каза болуу, дүйнөдөн кайтуу, ажал жетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мелтиреген көл калды, / Жарымы ачуу ичкисиз, / Жарымы таттуу балга окшош, / Аккан дайра суу калды, / Талкан чалган немедей, / Уйуп жаткан суу көрдү, / Жайы-кышы өчпөгөн, / Күйүп жаткан от көрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ли, / Эл сүйгөн баатыр Манасты, / Эр жараткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Адырда малың алты сан, / Алтының аккан суу болсун, / Таалайлуу болуп эл көктөп, / Тагыңа өчпөс кут консун, / Оомийин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро айтат мындай деп: / — Шариаттын кеби бар, / Тобо кылса кечет деп, / Тозок оту өчөт деп, / Жалганы жок ырас кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эр Толтой үчүн өч алыш, / Барбы, Кыйаз, нээтиңде?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →