өтүрүк
- Жалган, калп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өлөт элем мен мурун, / Өмүр көрүп келатам, / Өткөн ишти башыман, / Өтүрүк эмес чынды айтам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененимге Ачакан, / Кептен тайып калганда, / Ачакандын кеби экен: / — Айтканың чын, Кененим, / Муну өтүрүк дебейим, / Таластан качтым талаалап, / Кууп келди Саламат, / Арабыздан сабаалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Анда Баймат кеп айтат: / — Кордойдун аркы оозунда, / Тогузу тийди колума, / Өзүм менен он болуп, / Жүргөмүн элдин соңунда, / Анда Алмамбет кеп айтат: / — Өкүмүм эки болбойт, — деп, / Өтүрүк айткан оңбойт, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ыр да” / Деп ойлонуп Чыныке, / Жаштай кеткен Сейиттин, / Жан саадагын алдырып, / Кесенин оозун ачтырып: / — Кылжыке балам, аңтаргын, / Өмүрлүк сенин жубайың, / Өтүрүк айтпай чын айтса, / Табылар бекен белгиси.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жашырбай айтат Сомбилек, / Өтүрүк эмес бул кеби, / Бүгүнкүң сага канимет, / Беттешер болсоң кел бери, / Кеги бар деп кыргыздын, / Ат бастырып келдиби?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →