өтүн
- Сурануу, сураныч менен бирөөгө кайрылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алып барып жаткызып, / Кашкулак менен кажырдын, / Өтүн сурап таптырып, / Түлкүнүн өтүн коштуруп, / Бириктирип ийлетип, / Ууга сугарткан найза экен, / Мөшкөй уйду салдырып, / Күнүгө үч маал ичирип, / Бээнин сүтүн ал…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…и медеткер, / Аркардын эти себепкер, / Муунга дары бугу эти, / Кашкулак өтү табылбайт, / Коросон, испан дегенде, / Көк жорунун өзү жок, / Бел ооруга берерге, / Өтүн ичет турбайбы, / Этин жебей бул жерде, / Тоо текеси көп экен, / Ысык өтпөй бул элге, / Чечек чыгып чаар болбойт, / Илбирс жүрөт ар жерде, / Эти бышып катпайбы,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ен, / Эбеп-себеп алынча, / Медетти берип барынча, / Чирикти койбой кескилеп, / Кулгуна жерин тешкилеп, / Эбеп менен себептен, / Күндө салып себелеп, / Түлкүнүн өтүн таптырып, / Жаңылап күндө чаптырып, / Кажырдын өтүн алдырып, / Ийлеп туруп салдырып, / Көкжоруну карматып, / Өлтүрбөй тирүү жардырып, / Тазкарынын алдырып, / Ы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Баары колундагысын жеп болуп, эми жерден ала турган ирээти келип турса да, тигинин өтүнгөнү боюнча бири кол суңбай мени күтүп тура калышты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ал алыстан эле баланын качпай күтүп туруусун өтүндү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →