өтүмдүү

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Өткүр, тайманбаган, тартынбаган, курч, өткүр.
  2. Тез өтүп кетүүчү, тез сатылып кетүүчү, керектүү, көп керектелүүчү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мадыбектин үйүндө, / Калемкаш деген күңү бар, / Шектенип айткан кеп болсо, / Чечип айтып ийичү, / Өтүмдүү кызыл тили бар, / Аты күңдүн Калемкаш, / Серпөөлөнүп каш серпип, / Улоо аттай ыргыштап, / Кыйа басып кылт берип, / Сүйлөгөнгө өтө маш, / Ошо кезде Калемкаш, / Он алты менен он жети, / Ортосуна чыккан жаш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Элге өтүмдүү жан деймин, / Жеңилсе да, жеңсе да, / Бир сөзүндө бар деймин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мааникерди мингизем, / Айдардын Карачунагын, / Так өзүндөй өтүмдүү, / Эркелеткен туйагын, / Айткан жерге киргизем, / Айттырып кабар билгизем, - / Каныкей анда кеп айтат: / — Жетисууда жедигер, / Ал дагы кыргыз элиңер, / Башчыс… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →