өтмө
- Улам бирөөгө өткөрүлүп бериле турган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мөңкөтай деген немеле, / Элден чыккан илегер, / Сынык менен түзүктү, / Сокур менен бучукту, / Ич оору менен өтмөнү, / Өпкө оору менен өзгөнү, / Эркек эмес катынды, / Ооругандын баарыны, / Эбин тапкан эр эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ич өтмө оору жабылып, / Кең Таласка жайылып, / Кары өлдү, жаш өлдү, / Катын өлдү, эр өлдү, / Уул өлдү, кыз өлдү, / Кыйын жумуш иш болду, / Кыргызга мүшкүл туш болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чубакка найза жетерде, / Көмө койуп кетерде, / Оң жагында Ушаң бар, / Сол жакка оой берди эле, / Найза каңгып ат сыргып, / Тарталбай атын бурулуп, / Алдына өтмө бергенде, / “Манастап” ураан чакырып, / Алдындагы Ушаңды, / Как далыга бир койду, / Камгактай учуп жыгылып, / Калмак Уушаң кор болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Балырлап суулар нур байлап, / Байкасаң жээгин шор байлап, / Чай кайнатып, бал салса, / Татып суудан шор кайнап, / Ич өтмө кесел жайылып, / Чычкактады баарысы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →