өткөрө

китептерде 15 жолу, 7 китепте
  1. Аябай, ашык, ашепке.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эртең менен атаңды, / Аттап тондоп жөнөтөм, / Шаарыңа жакын шаарым бар, / Шаардын аты саза бар, / Кулдугуңа өткөрөм, / Мингизип алып мойнума, / Атаңды аттай көтөрөм, / Айткандын кылам баарысын, / Бүгүн эртең дебестен, / Нур бетиңди көрсөтсөң, / Айтканыңа көнбөймүн, / Кызыгыңды көрбөсөм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Улугуңа бар, — деди, / Эмне көргөн-билгенин, / Жашырбай айта сал, — деди, / Каалабайым кан ичпейим, / Киймиң чеч, аттан түш, / Олжо алам дебейим, / Өчөшсө келсин кытайың, / Өткөрөйүн санаттан, / Карматамын дагы эле, / Кылып көнгөн адат ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Өзү жатты Дабытай, / Коргонго кирип бекемдеп, / Карап туруп Кененим: / “Өткөрө сайбай боорунан, / Кабылдай сайган экемин, / Энөөлүк кылып элебей, / Эл козголуп чайпалды, / Түбөлүк болуп ченебей, / Найзаны сайып мылгытып, / Көгүчкөндөй сыр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кандимдигин карматты, / Катуу кылып кайратты, / Өпкөдөн сайып өткөрө, / Өзөктөн канын жайнатты, / Көмө сайып жан алды, / Башын кесип дагы алды, / Өзүмдүн ханым дегенсип, / Хан Үрбүгө алпарды, / Эрдигине арнады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ал ар күнү мылтыгын ийнине асып алып, токойдон кийик атып келип оокатын өткөрөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →