өткүрлүк
- Курчтук, бир нерсеге тийсе кесип кетүүчүлүк.
- өт. Тартынбастык, тайманбастык, өтүмдүүлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Айдын он беш күнүндө, / Жуманын кадыр түнүндө, / Эрен Манас көкжалың, / Түндө жатып түш көрдү, / Түшүндө сонун иш көрдү: / Аккула атын мингени, / Аккүбө тонун кийгени, / Жайбаракат бастырып, / Жалгыз жолго киргени, / Кызымталдуу бир кылыч, / Жолдон таап алганы, / Өткүрлүгүн билем деп, / Аны сынап калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жолдон тапкан кылычың – / Өткүрлүгү кылычтай, / Төтөп болгон эренге, / Түгөнбөгөн ырыстай, / Өмүр бойу бек турган, / Убада сөз жылышпай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өкүмү эки болбогон, / Өзүн кудай колдогон, / Өкүмү күчтүү төрөбүз, / Өткүрлүк кылып койсоңуз, / Биз өзгөчө кордук көрөбүз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →