өткүн
- Белгилүү бир тилке менен тез жаап өткөн жаан, күн катуу, текши бүркөлбөгөн учурдагы кыска мөөнөттүү жаан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бир жылы жүрүп жай жаткан, / Башка жерге козголсо, / Өмүр бойу өткүнчө, / Бул түшүнөн чыгып кетеби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карашаар, Камбыл,Турпанга, / Айтып өткүн бүт жанга, / Баркөл менен Бешбалык, / Баарына айткын эске алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк басып барганда, / Чачыкей айтат ушунда: / — Ургаачыда чырак кырк, / Дуулат өткүн тушунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ “Үргөнүчтөн кечип өткүн — деп, / Чынаачага жеткин — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Өткүндөн коргологон немедей жалпы көмөрөбүздөн түшүп үзүктү чүмкөнүп калдык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →