өт2
- Бир жерден экинчи бир жакка басуу, экинчи тарабына чыгуу.
- Мурда болуп кетүү, ошол учурда убактысы, мезгили жагынан алганда бүтүп калган абалда болуу.
- Батып кетүү, батып кеткендиктен денени оорутуу.
- Катуу таасир калтыруу, жапа чектирүү, жанга бата түшүү.
- Кесип, тешип же көзөп кетүү.
- Сиңүү, таралуу.
- Озуу, ашып кетүү, артыкчылык абалда, ашкан абалда болуу.
- Өтүмдүү болуу, тез сатылып же тез алынып кетүү.
- өт. Ажалы жетүү, каза болуу, жок болуп кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй найза тайганы, / Найза каңгып так этип, / Ташка сайган немедей, / Кайта жанды чак этип, / Ээрден көчүк кыйшайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…калган Сынчыбек, / Кокус өлүп кетер, деп, / Учуп жетип энтелеп: / — Баатыр ат биздерде, / Ат берели бул элге, / Сурап келдик Сынчыны, / Канын бериң биздерге, / Өткөн иш өтүп болуптур, / Эндөөлүк кылып койуптур, / Эми Балтанын айткан сөзү бул: / — Алмамбет баатыр, угуп тур, / Элүү төрт илек кол келди, / Айкөл Манас зор келди…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Торсолдой менен Сетертай, / Өткөрүп койгон кызматты, / Аны булар биле албай, / Өзүнүн ордун тапты деп, / Ажыбайдын Керменбай, / Эл чуркурап айтышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Сайга кире берген жерде, бир калың мүрзөнүн жанынан өтүп баратсам, Беккул арыктын боюнда, сууга нан чылап жеп отуруптур.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Нечен ажыдаарлар, тулпардын туягын чагып өттү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →