өспүрүм
- Бойго жетип, толо элек балдар (12–16 жаштар чамасындагы эркек балдар жана кыздар).
- Өсүп келе жаткан жаштар, жаш жеткинчектер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ойуң менен ой-тоону, / Аралап элин жүрөргө, / Хан Манастан бер жакка, / Тоздурбай элин сактаса, / Жалаңгыч сарык ат койуп, / Жактырып баары мактаса, / Жаңы өспүрүм Асылга, / Беттешип бенде чыкпаса, / Эл өстүрдү мени деп, / Элин эркин сактаса, / Элге кылып кызматты, / Ичкен тузун актаса, / Бөлүнүп чыксаң бириндеп, / Кекили…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Энтери деген бар эле, / Жаңы өспүрүм жаштардан, / Мен элемин дээр эле, / Сарыкер деген аты бар, / Бар шайманы тептегиз, / Чоң баатырдай салты бар, / Дабытайдын алдынан, / Тосо чыкты тартынбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…да, / Он вазир менен отуз бай, / Алтымыш бий, кырк балбан – / Бүткүл Урум элинин, / Жакшылары сыйланган: / Сексен адам дагы бар, / Жакшы чыгып келаткан, / Жаңы өспүрүм жаштардан: / Эки кары бар эле, / Жүз отуздан жашаган: / Аларды кошо алдырып, / Дасторконун жайдырып, / Аш-тамагын жам кылып, / Сейтек менен Гүлнарды, / Ошол үй…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көп жашаган карың бар, / Жаңы өспүрүм жашың бар, / Калбайт тирүү жаныңар, / Тилимди алсаң баарыңар, / Качып жолго салыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жаңы өспүрүм бала эле, / Малдыбек деген болучу, / Баланын аты Малдыбек, / Жыйырма беш ашып кетелек, / Анткен менен Малдыбек, / Далай укмуш кеп билет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →