өс

китептерде 203 жолу, 10 китепте
  1. Өнүп чыгуу, өнүп чыгып жетиле берүү, өнүгө берүү.
  2. Чоңоюу, улам жетилүү.
  3. өт. Өркүндөө, жогорулоо; өнүгүү, өрчүү, илгерилөө, алга кетүү.
  4. өт. Көбөйүү, артуу, арбуу, жогорулоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Торгойдун муңдуу үнүнө, / Муңканып айткан күүсүнө, / Кубулуп турган түсүнө, / Муз туруштук кылалбай, / Мөңгүлөр агып, кар эрип, / Эңкейип талдар бүгүлдү, / Өөдөлөп өспөй бой керип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эркиндеп өскөн мен камыш, / Сен сууда турган жекенсиң, / Тагдырың ушул белем, дейм, / Сөөгүңдү алар киши жок, / Бул дүйнөдөн кетерсиң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Болгунча айтып бай Жакып, / Бакдөөлөт менен Магдымы, / Унчукпай туруп алганы, / Үйүндө жүрүп чоңойуп, / Койнунда жатып жастыкта, / Өзү менен тең болуп, / Эркин өскөн Бакдөөлөт, / Оолуга кетти томсоруп: / — Койчу, Жакып, кебиңди, / Бул кебиңди ит уксун, / Ит укпаса ким уксун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…үңүнү, / Калтырбады бирини, / Жалгыз бала Сейитек, / Бир закматы болор, деп, / Айдай катын Айчүрөк, / Баарын кайра кетирип, / Кул-күң болуп келгендер, / Көңүлү өстү жетилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Осы алты айдан бери авыл отырып бири-биримиздин үйимизге кирип көргөн жан эмеспиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →