өрөөн1

китептерде 16 жолу, 7 китепте
  1. Тоонун ортосундагы же суу бойлото созулган чоң, узун тилке мейкиндик.
  2. Адамдын денесинин бир жак жаны, ыптасы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кандырга кирип жол тартып, / Каңгайды көздөй оң тартып, / Каңгырап жаткан тоо менен, / Шаркырап аккан суу менен, / Өрөөнү кеңир төр менен, / Өрдөк кечкис көл менен, / Кулан баскыс чөл менен, / Куулар өтпөс көл менен, / Куу тайган баскыс чөл менен, / Түрүлүп аккан сел менен, / Түмп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…тылдап, / Кирген күнү кылкылдап, / Кыз күлгөндөй шыңкылдап, / Жорго басык жылкыдай, / Ар бууланып кылтылдап, / Эми агар чагың, деп, / Сууга айтканы дагы бар, / Өрөөнүң токой чер болуп, / Өзөнүң менен жел согуп, / Өйүз-бүйүз адырга, / Төрт түлүктүү мал толуп, / Көркүңө чыгар кезиң деп, / Тоого айтканы дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эшената Чокталды, / Экөрүктү Күрмөнтү, / Эңкейиши Торайгыр, / Өөдө тартмай Бийкыштоо, / Эрикбей жүрүп олтуруп, / Күнү-түнү жол жүрүп, / Кең Кеминди өрдөдү, / Келишкен мындай сонун жер, / Ажыбай мурда көрбөдү, / Өтө кеңир жер экен, / Ысыккөлдүн өрөөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейтек кабыл алыптыр, / Хан Кыйазга барыптыр, / Мындайча айтып калыптыр: / — Жылкыга барып келемин, / Кайыпчынын өрөөндө, / Кайыбы кеңир деп угам, / Биздин жерде кайыптан, / Он эки айры бугу бар, / Кайыпчыга баргандар, / Алтымыш айры бугуну, / Атып алган жайы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кызыл-Кыя өрөөнүндө булардан башка да ар кайсы коктуда, сайларда бал челек салган, мал кесибин кылган бирин-серин орустар болот. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →