өрүлүк
- Үйүнүн же айлынын жанына жаңы көчүп келген кишиге тамак-аш же союш алып баруу менен көрсөтүлгөн сый.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мына ошончо мал сойуп, / Өрүлүк өтмөк кылышып, / Семетейди өрмөттөп, / Баланы сөөк кылышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Өрүлүк өтмөк кылды эми, / — Алыстан келди Чынкожо, / Мага айыл болом деп, / Айтып келдиң кызыңды, / Билип кылдың ишиңди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →