өрүк

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Өңү саргыч, эти жумшак келген сөөктүү жемиш жана ошол жемиштин жыгачы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бала жолборс Бекбача, / Манастап баатыр бакырып, / Алманын башын жапырып, / Өкүргөндөн бакырып, / Өрүктүн башын жапырып, / Аркасынан тозоңду, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ «Куйалы колго түшүрүп, / Карматып ийсең уйат, — деп / Жер жүзү калбай угат» деп, / Эр Гүлүстөн теминип, / Эркечтей сур ат элирип, / Өкүргөндөн бакырып, / Өрүктүн башын жапырып, / Ач кыйкырык укканда, / Арстандын үнү чыкканда, / Сурмерген калды шашылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бедесине карасаң, / Ат боорунан жиреген, / Жарылып тулаң булаган, / Жылгадан суусу куйулган, / Жыттаса жыты бураган, / Өрүгү чирип көк болгон, / Өзөнү булак саз болгон, / Булагы менен көлүнө, / Өрдөк менен каз толгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эртеси Мамирмазин мени багына ээрчитип барып, өрүктүн жыгачынан бир таяк кесип берди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
"Чыч чебич" деген чебичи бар, аны чыч чебич десе, өрүк мейиз чычат, "бышсабасы" бар, аны "быш саба, быш" десе, кымыз бышышы даяр болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →