өрттө
- Өрт коюу, күйгүзүп жиберүү, өрт чыгаруу, от коюу.
- өт. Жалындатуу, шыктандыруу, делебесин козгоо; ичин күйгүзүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өрдөктөй мойну узарып, / Өткүр миз найза карманып, / Өрттөгөн арча беттенип, / Төбө чачы тиктенип, / Белин бектеп курчанып, / Теңдиги кетип колунан, / Деги жаман муңканып, / Сом темирин артынып, / Чарайнасын тартынып, / Т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Санкору деген айбан бар, / Сийдиги жерди өрттөгөн, / Ордуна чөп-чар өспөгөн, / Жатагынан кошкуруп, / Жандар аттап өтпөгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өжөрлүгүн көрүнттү, / Дары төгүп, май чачып, / Өрттөп ийди өлүктү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Үйүбүздү Беттибет, / Өрттөп ийди дедиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Мамыр, Чүрк, Сатымбай дегендерди көз көрүнөө баса калып, саман менен өрттөп өлтүргөнүн уктук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →