өрнөк
- Үлгү, мисал, үлгүлүү иш, үлгү болуучу сапат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кимдер өрнөк алган бар, / Өнөгү тийип колуна, / Кол салышып кыргызга?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Абылтай түндө жөнөдү, / Муну киши көрбөдү, / Жетимиш жашта Абылтай, / Ал кыргыздын өрнөгү, / Карангыда калдаңдап, / Самаркан көздөй кетиптир, / Күндүзү жатып түн жүрүп, / Көксөгөн ойго жетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өчпөскө өрнөк сөзүңүз, / Өзүңдүн турат көзүңүз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ — Аттанып чыксам акжолтой, / Аркамда жүрсөң сан колдой, / Эмишкен эмчек тууганым, / Өрнөккө чабаар бууданым, / Жоого салаар балбаным, / Беттешкенде алганым, / Берекелүү бек айбат, / Белдүү Гүлүс арстаным.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Капташа түштү алдынан, / Кеп сураган талаада: / — Суу бойунда көргөнүм, / Көөнүмдү анда бөлбөдүм, / Көрүнүп турат өрнөгүң, / Көрөр көзгө башкача, / Заматта башка кубулдуң, / Ким болосуң сен бала?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →