өркөчтөн

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Өркөч сыяктанган көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сулуудан тандап кыз алгын, / Жез оймоктон уз алгын, / Канаттуудан куш алгын, / Аргымак тандап ат алгын, / Айры өркөчтөн төө алгын, / Лахасаны жана алгын, / Байламталуу сөз алгын, / Аз албагын көп алгын, / Кирсиз көөнүң агарсын, / Он күндүк бер каралды, / Тайарлайын кемитпей, / Колумдан келген амалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ошентип Торгой турганда, / Обу жок Отор чоң капыр, / Күүлөгөнө найза сундуруп, / Күүгүм туман көздөнүп, / Күңүрт сүйлөп тил келбей, / Бурулуп кеткен өңдөнүп, / Жамгырда келген сел өңдүү, / Өркөчтөнүп түрдөнүп, / Ого бетер Торгой кыз, / Жалдырап-жайнап дени өлүп: / “Беттешин көрбөй баатырдын, / Мен кетпедим не өлүп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ултуп, / Алай-дүлөй борошо, / Бөрүдөн бетер улутуп, / Турган жандын баарысын, / Койнун карга толтуруп, / Көнөктөп сууну куйгандай, / Асмандан жамгыр төгүлүп, / Өркөчтөнүп ылайлап, / Аккан селдер көрүнүп, / Каптап кетип Сазаңды, / Чанданы калды көмүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каркыра-турна сап болуп, / Желе тартып асманда, / Адамдар чыдап тура албай, / Тегеренип үн салса, / Кара суудан үн чыгып, / Өркөчтөнүп шарылдап, / Мааналайт жардын бетине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
намыска, / Алтымыш нарды комдойун, / Айры өркөчтөн кошпойун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →