өрдөш
- Коонун, колоттун өр тарткан жери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өгүз өтмөк, тай өтмөк, / Өрдөшүнө барганда, / Кол эсебин алганда, / Жанбашың жерге тийгизип, / Жай аласың ошондо, - / Айчыгы алтын кызыл туу, / Асмандата аштады, / Айсарала алкынып, / Алакең жо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Суудан кечип чыкканда, / Өгүз өтмөк, тай өтмөк, / Өрдөшүнө барганда, / Колду эсепке алганда, / Хандар эсен, кол эсен, / Тазбайматтын бир киши, / Санатында кем экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Макил келе жаткандын, / Өрдөшү жазы коо эле, / Оозунда тумшук тоо эле, / Отунчунун жолу эле, / Алты араба жанашып, / Өтө берчү жөн эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бугулар чыгып төш-төшкө, / Маралдар чыгып өрдөшкө, / Аркарлар жатпай адырда, / Кулжалар чыгып кайкыга, / Эчкилер чыгып кыйыкка, / Текелер чыгып бийикке, / Сүйүнчү келди Кеңколдо, / Талаада жүргөн кийикке.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошол өрдөштөн жакадагы оокатыма түшүп келем деп, мингизип жибердим.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →