өргөө

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Жаңы үйлөнгөндөргө арналып тигилген боз үй.
  2. Тамак-аш жасабаган, таза турчу боз үй.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачаны карасам, / Эңиш жерге келгенде, / Кырк-элүүдөн бир сайат, / Өргөө чыга бергенде, / Албарс менен кайсалап, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кылычтын мизин кан кылып, / Жалмап кетип баратат, / Түзөң жерде кес келсе, / Жүз элүүдөн талк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сүйлөсө сөзү бууланган, / Сүйкүмү артык бир улан, / Тигип койгон өргөөгө, / Алып келип кирээрде, / Алдында басты Көкөйүң, / Кызынын жайын билерге, / Башын салса эшиктен, / Байкуш кызы элейип, / Карап калган селейип, / Тартып койгон сүрөттөй, / Жаны жоктой делейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Андан ары жүрүп отуруп, жүрүп отуруп дагы бир тогуз канат ак өргөөгө кез болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →