өпкөлө
- Өпкөсү көбүү, өпкөсү көөп солуктоо.
- Таарыныч кылуу, таарынуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…тип Таласка, / Ээ болуп калгандай, / Кетип барат салбаңдап, / Өпкөсү батпай көөдөнгө, / Таноолору барбаңдап, / Өңүрүн жыйнап ала албай, / Этектери далбаңдап, / Өпкөлөтө теминип, / Эки буту салбаңдап, / Элине жетип эс алып, / Кеңештеш болгон бегине, / Барганынан кеп салып: / — Кызылкыз колго кирди, — деп, / Кыйынсынган кыргызда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элине барып Кесилет, / Өпкөлөп ыйлап эчкирет: / — Баары баатыр, баары шер, / Балбаны сайат канчаны, / Кыргыздын элин ким билет, / Балдары сайат найзаны, / Балбаны сайат канчаны.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эрдин баары элирип, / Жигиттин баары керилип, / Өпкөлөтө аттарын, / Өөдө-ылдый теминип, / Аңга кызып алыптыр, / Атактуу Кошой баатыры, / Белге көзүн салыптыр, / Ошол кезде Чоңжинди, / Аккула минип болкойуп, / Азыркы …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өргө салып элирип: / Өпкөлөтө теминип, / Эңишке салып зыркырап, / Алдындагы ким болсо, / Аркасында калганын, / Сүйрөтүп кетет дыркырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өпкөлөтө теминип, / Өөдө-ылдый желдирсин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →