өнөрпоз
- Өнөрлүү, өнөрчү, өнөрман, өнөрү бар адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбача бенде болсо да, / Өтө белдүү эр экен, / Ааламдан ашкан өнөрпоз, / Бек айлакер неме экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жылкынын аты чыкканда, / Өнөрпоздун бардыгы, / Өлгүчө чуркап шашылып, / Араа, балта, чот-керки, / Ала чуркап ашыгып, / Темирчи көөрүк көтөрүп, / Дөөшү менен барсканын, / Көмүркөй менен кычкачын, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Төкөр уста кыргыздан, / Өтө өнөрпоз неме эле, / Таш талкалап темир таап, / Кен бышырып, сүт чайкап, / Аккелте мылтык, Сырнайза, / Ачалбарс кылыч, чоң балта, / Өзү жасап берди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сыйкырмын дейсиң өнөрпоз, / Зыркырап неге кор болдуң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Баарыдан укмуш бир жумуш, / Өнөрпоз ойуп калыпташ, / Такта отурган хандары, / Жаңжуң, дуудуу ал дагы, / Жазган катка басат дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →