өнөрлүү
- Өнөрү бар; чебер, маш, устат, көп өнөрдү билген.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошондой кылып көп ишти, / Чаңбейсиндин ойунда, / Деңизге кирип аралап, / Туташкан кургак аралда, / Жан жыргатып жай жаттым, / Өнөрлүү болчуу келсин деп, / Ар кайда кабар тараттым, / Таратып кабар ар кайда, / Башыма балаа мен таптым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыргыздын эли шум экен, / Бизден өткөн өнөрлүү, / Баатырлары кыл экен, / Ойлонбогон өлөөрдү, / Кечээ келген Манастай, / Майышпас эрди ким көрдү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Борончуну чакырып: / — Элге кабар салгын, — деп, / Өз–жат дебей барсын, — деп / Керней менен кабар бер, / Такыр уксун турган эл, / Керектүү жабдык калбасын, / Өнөрлүү жатып албасын, / Өзү куру барбасын, / Жыгач менен темирге, / Керек болор нерседен, / Кемип бирөө барбасын, / Кардыкачты өрдөсүн, / Эт бышымча иш кылып, / Бирде…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өлбөй оокат кылуучу, / Өнөрлүүң бардыр бириңдин, / Айткан кеби эм болгон, / Хан Калча менен тең болгон, / Кадырлууң бардыр элиңде, / Миң кишиге баш болгон, / Бириң калбай келгиле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Мен өнөрлүү кыз элем, / Көп кишиден бөлөкчө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →