өнөр
- Бир нерсени жасоо, иштөө жолун, пайдалануу жөнүн билгендикти талап кылган кесип.
- Чеберлик, усталык, билгичтик, маштык.
- Амал, айла.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалаңгыч сарык Кененим, / Токсон күн тамам болгунча, / Үч ай жүзү толгунча, / Асылча менен Бекбача, / Бактыбай бар жанында, / Отуз эки ат машын, / Саны толук кырк экен, / Эр жигиттин жөө машы, / Бир кишиге аз деди, / Жетимиш эки өнөрдү, / Ошонун баарын үйрөтүп, / Оорагын мунун көтөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көптү көрүп, көп билген, / Жүйрүндүн тилин сууруп жеп, / Бар өнөрүн жат билген, / Колундакы найзасын, / Булгап- булгап имерди, / Шамалды айдап жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Адамзат кылчу өнөрдүн, / Ал чочкодо баары бар!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ошол жерге коюн токтотуп коюп, барлык өнөрүмдү салып Беккулду буза баштадым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Менин өнөрүм: агып бара жаткан деңиздерди, сууларды алаканым менен токтотомун, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →