өнөк
- Бир тарапта турган шерик, жаат-жаат болуп бөлүнүп ойногон оюндагы биригип бир тарап болгон жолдошу, жолдош, бир тарап болуп бириктешкендик.
- Кезек.
- Өнөктүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айтып болуп Балтыркан, / Бура тартып жөнөдү, / Кубатайдын атынын, / Артынан түштү бөлөгү, / Беттеше албай Кубатай, / Колунан кетти өнөгү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кадимки наркым бар болсо, / Канын төгүп келейин, / Өнөгүмдү мен кантип, / Өз колумдан берейин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…күлүп Алмамбет, / Айтты жана мындай кеп: / — Анык арстан экенсиң, / Айтканыңа жеткин, — деп, / Капкачанкы каарымды, / Эми сенден кечтим, — деп, / Мага бер азыр өнөгүң, / Белди көздөй жөнөгүң, / Мен белге чыгып жатайын, / Алма баш менен атайын, / Мылтык үнү чыкканда, / Чубаке, сен ок менен бирге жөнөгүн,- / Бура тартып Алмамб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
чакырып, / Үнүн угуп Сарыбай, / Эң эле жаман шашылып, / Камчыга атын бөлөдү, / Куу найзаны өңөрүп, / Алдынан тосо жөнөдү, / Өжөрлөнүп Сарыбай, / Колунан кетип өнөгү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ат койулду балдарга, / Асылбала, Бекбала, / Бара бара ат болду, / Асылбача-Бекбача, / Асылбача он беште, / Өнөгүн бербей бендеге, / Белдүү болду башынан, / Эр беттешпей деги эле, / Жыйырма беште окко учту, / Кудурет иши не күчтүү!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →