өнүм

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Өнүп чыккандык, өсүп, өнүп чыгуу сапаты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аттын аты Кеңкула, / Таруудай бетте каным жок, / Кабуусун тапсам душманга, / Ракым кылар чагым жок, / Түп атадан мурасын, / Үнүм ачуу, өңүм заар, / Көзүм кыйгач көргөнгө, / Өзү келип катышат, / Сен кептенип айбандар, / Чолосу тийбей өлгөнгө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Желкемен тепсеп Сейити, / Жексен кылып ал турса, / “Сексен эки кубулган, / Желмогуз экен кыз эмес, / Сейит айтты, ырас” деп, / Айыңдашып эл турса, / Кыйалым кырк, санаам миң, / Саруулап өңүм бузулса, / Тирүүлүктөн ким тойбойт, / Замана мындай кысылса, / Дартымды уксаң Тапан хан, / Сүйгөнүм, алым ушунча. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Гүлнар кыз, / Зулпуке менен Айчүрөк – / Ал экөөнү карады, / Зулпуке менен Чүрөк жок, / Көрүнө түштү көзүнө, / Жаш Сейитек карааны, / “Түшүмдө көргөн баланы, / Өңүмдө кандай ай көрдүм? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…Ачуум келип, жеме айттым, / Көрдү менин түрүмдү, / Байкуш келин бүгүлдү, / Азуулуу жолборс жүрөгү, / Жумурткасы чоң куштун, / Түн түшүмдөн кетпейт, дейт, / Күн өңүмдөн кетпейт, дейт, / Кебин айтып бергени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
– Мени карап көргүлөчү өңүм сулуу бекен? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →