өн

китептерде 49 жолу, 10 китепте
  1. Уруктан, үрөндөн, тамырынан ж.б. өсүп чыгуу, өсүп чоңоюу.
  2. Өсүү, өнүгүү, чоңоюу, көбөйүү, артуу.
  3. өт. Бир нерсе чыгуу, табылуу; пайда чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көйкөлүп жаткан чөбүнө, / Көзү тойот көргөн жан, / Өнгөн дарак көбүнө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…шүп, / Жердин бети жарылып, / Казан каптай нечен таш, / Аңтарылып торойуп, / Башбагып жерден коройуп, / Тизе бойу көрүнүп, / Нечени чыкты соройуп, / Түбү менен өнгөн чий, / Карарып калды торойуп, / Кээ бир таштар көмүлүп, / Жерге кирди жоголуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Уруктап улам өнгөн кеп, / Урматтап эли көнгөн кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тулаңы өнүп буралып, / Чырпыгы жерде чубалып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…/ Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбаттуу, / Сындуу болсун сымбаттуу, / Учкул болсун канаттуу, / Тулпар болсун атактуу, / Жазда өнгөн жалбырак, / Күз болгондо кубартты, / Кыймыл эткен баарыны, / Кара жер соруп жылмайтты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →