өмүрүнчө
- Өмүр бою, өмүрү өткөнчө; эч качан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чогулуша калышып, / Талпак салып, жүн сабап, / Аз-көбүнө карабай, / Оокат болсо тең жасап, / Сайма үйрөтүп кыздарга, / Кеңеш салып келинге, / Баш ыйгарып аларды, / Акыл-нуска кебине, / Өтүп кеткен нечендер, / Кайаша айтып какшатпай, / Өмүрүнчө эч кимге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өмүрүнчө Манаска, / Өлгүнчө бирге болот деп, / Саа уруксат бергени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Туулуп өлөт бир киши, / Өмүр көрөт бир киши, / Өмүрүнчө кор болбой, / Доор сүрөт бир киши, / Бир күнү ток, бир күн ач, / Өтүп кетет бир киши.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Жокчулук менен өмүр өткөргөн адам экенсиз, сени өмүрүнчө байлыкка тундурам.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →