өмүр

китептерде 208 жолу, 10 китепте
  1. Адамдын, айбандын жана өсүмдүктүн жаралгандан өлгөнгө чейинки физиологиялык абалы.
  2. Турмуш, тиричилик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өмүр жандын Кызылкыз, / Он эки кабат ордодон, / Ойу менен тиктирди, / Көрүп көргөн башкадан, / Жетини алып келтирди, / Түндүккө желек байлады, / Байланган желек жет… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тартчуу боосун кармады, / Мойнуна муну салганы, / Узунбу, кыска өмүрү, / Өлгүнчө уулга арнады, / Көзү көрүп энеси, / Байкап муну калганы: / “Ээ, кудай, шүгүр өзүңө, / Торгой шерге жарады, / Максатка жеткир жараткан, / Жан кылган соң адамды, / Калганда өзүң билесин, / Пайдасы менен залалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Ханы менен карадан, / Улуу-кичүү баарыдан, / Өмүрүндө Күдүктү, / Бирөө жалган дебеген, / Чабалайча бүгүнкү, / Түк укпаган жемеден. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жалганы болсо сөзүмдүн, / Көрбөйүн калган өмүрүм, / Аккелтенин огу урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Батыш жакта бир сайда өмүрдөн бөлөк жаралгандай жаркылдап турган жалгыз от ченден бир ит үрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →