өм

китептерде 18 жолу, 8 китепте
  1. Көп, сансыз, каптаган, жыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жеке чыгып сайышка, / Жарабастан намыска, / Жабылып булар өмүлдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алтын чырай нур бети, / Аттанып бура тартарда, / Күүгүмдөкү устадай, / Көк жашыл тартып көрүндү, / Жалгыз кара бир башы, / Капкайдан келген чоңдорго, / Жалтанбастан өмүлдү, / Жан соогалап кылчайбай, / Бул айылдан бөлүндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Балта тийген бул найза, / Тал-талынан бөлүндү, / Өз найзасын колго алып, / Калыбек каапыр өмүлдү, / Каарын көргөн калганга, / Бүткөндөй болуп көрүндү, / Алымсарык өмүрү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эң эле жаман жан кыйнап: / — Жаш ойронум, — деп ыйлап, / Өмөрүң кыска, күнүң аз, / Өмүрлүк менин жубайым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Гүлчоро минген Суркойон, / Өмгөчөктөп жыгылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →