өлөсөлүү
- Араң жан, начар, алдан тайган, арып-карып калган, араң эле кыймылдаган, жаны чыгайын деп эле турган, өлүм алдында жаткан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өгүз минип өпөйүп, / Өлөсөлүү чал келет, / Карысы бар, жашы бар, / Катын- эркек аралаш, / Калбай баары бүт келет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Өлтүрүлдү калбастан, / Өлөсөлүү чалдары, / Журтта калды тирүүлөй, / Кызыл муштум балдары, / Конушка куйун ойнотуп, / Чөө бөрүдөй жалмады, / Жакшыраак көзгө токтомдуу, / Туткучтай эме калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Болду, Алаке, болду — деп, / Өлбөсө да бул каапыр, / Өлөсөлүү болду — деп, / Чубак айтты ошондо, - / Уланталы жолду, — деп, / Анда Алмамбет жемелеп: / — Чубак андай дебе, — деп, / Салоокени өлтүрбөй, / Койолу деген кайсыл кеп?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чокусуна кагышып, / Өлтүрүп аны жиберип, / Кенже дөөгө жабышып, / Өлөсөлүү кылганда, / Көрүп туруп кыздарды, / Күлүмсүрөп Сейити, / Эр Көкбука, Жетилбай, / Ал экөөнү жиберди: / — Өлбөгөн тирүү немесин, / Ажыратып кой, — деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эки кол, эки бутуна, / Мойун эттин тушуна, / Алты жерге найзаны, / Ченеп сайып мылгытып, / Агызып канын зыргытып, / Өлөсөлүү болгондо, / Өлтүрбөй таштап Татанды, / Куткарбасты төтөлөп, / Бала баатыр жол алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →