өлүү1

китептерде 28 жолу, 8 китепте
  1. Тирүү эмес, өлүк, өлгөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кардыгач өлүү-тирүүбү, / Ошол жактан кеп сурап, / Билбедим деп Бекбача, / Ошончолук кеп кылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…идей айланып, / Баштакыдан беш бетер, / Огобетер каарданып, / Жылан менен чайандай, / Уусун чачып заарданып, / Алам деген Чойун алп, / Таамай найза сайалбай, / Өлүүчүдөй арданып, / Буурадай тиши качырап, / Көзүнөн жалын чачырап, / Оозунан көбүк чачылат, / Жана кирди түгөнгүр, / Минген атын камчылап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Дем албай басып беш жүз төө, / Шаар кыдырып чубады, / Өлүү-тирүү жик болду, / Бирок бала жок болду, / Өңүнүн жадап Көкөтөй, / Саргайган саман чөп болду, / Бир күнү үйдө жаталбай, / Же көр дүйнөнү ката албай, / Же көзү кыйып талаага, / Бекер таштап аталбай, / Адырлуу тоону басам деп, / Аң уулап көөнүн ачам деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыймылдарга чама жок, / Тирүү, өлүүсү билинбей, / Түлкү бойдон жан кетип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Артып келди өлүүсүн, / Айдап келди тирүүсүн, / Жыйнап келди кең жерге, / Сомбилек баатыр Төтөгө, / Чогулуп келип эл көрсүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →